www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун Италияга иш сапары пландалууда

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майо менен жолукту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Маалыматка караганда, тараптар 8-декабрда Ташкент шаарында өткөн "Борбордук Азия + Италия Республикасы" министрлеринин жыйынынын алкагында көрүшкөн.

"Казакбаевдин Рим шаарына болгон иш сапарынын жыйынтыгында кыргыз-италиялык инвестициялык фонд түзүү жана Италиянын Бишкекте элчилигин ачуу боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле 2022-жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Италияга иш сапарын жана Луиджи Ди Майонун Кыргызстанга иш сапарын уюштурууга даяр экендиктерин билдиришти", — деп айтылат маалыматта.

Министрлер Кыргызстандын "ВСП+" макамын эске алуу менен Италия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришкен. Алар ошондой эле Кыргызстандын экономикалык жана туристтик дарамети боюнча презентация уюштурууну пландашты.

Регионалдык коопсуздук маселесин кароодо Афганистандагы кырдаал боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болуп, бул өлкөнүн элине гуманитардык жана башка жардам көрсөтүүдө биргелешкен кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленген.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын ноябрь айында Италияда Кыргызстандын элчилиги ачылып, иштей баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости