www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Садыр Жапаров президенттик милдетти аткарууда өз ыктыярым менен баш тарттым, премьер-министрлик кызматты ыктыярдуу түрдө өткөрүп бердим деп калп айтты”. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. 

Ошондой эле Канат Исаев 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки кырдаал боюнча кеңери маек курган. Анда ал мурдагы президенттердин кылган иштерине жана азыркы бийликтин аракеттерине токтолду. 

“Садыр Жапаров  президенттик милдетти аткарууда өз ыктыярым менен баш тарттым, премьер-министрлик кызматты ыктыярдуу түрдө өткөрүп бердим. Мен катардагы жаран катары катышууга  чечим кабыл алдым деп калп айтып жатат. Ал катышканга мыйзам жол бербейт. Андай болсо, премьер-министрлик милдетин бир жолу өткөрүп берсин. Азыр ал толук кандуу өткөрүп берген жок, убактылуу гана өткөрүп берген.

Учурда президенттикке талапкерлдердин ичинен Садыр Жапаровдун артыкчылыктары жогору. Себеби, бүгүнкү күндө анын партиялаштары Жалал-Абад, Нарын облустарында губернатор. Ошондой эле, башка баардык жакындары чоң кызматтарда отурат. Анан кантип таза шайлоо болот деп ишенебиз. Азыр бир талапкердин жакындарын камакка алды. Башка талапкерлерге ачык эле иш козголуп жатат дешүүдө. Менин агамды Ички иштер министрлигинде жетекчилик кызматтан четтетишти. Бул калыстык эмес. Азыркы бийлик такка отура электе эле катуу кадамдарга барып жатышат. Кудай сактасын, эгер президенттик кызматка жете турган болсо кыргыздын шору болот”, - дейт президенттикке талапкер Канат Исаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости