www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канат Исаев кимге таарынат...

Мезгилинде Токмок шаарынын мэри болуп алгачкы капиталын топтогон, азыркы учурда Жогорку Кеңештин төрүндө бакыйган Канат Исаев кайсыл жерге барбасын азыркы бийликке сын айтып, жеке таарынычын билдирип жаткан кези. Канат мырзанын бул кылыгына баш чайкап, таң калгандар болгон.

Анткени, бул киши сын айтып жаткан азыркы бийликтин арасында эле аралашып, ушулардын көлөкөсүндө өсүп-өнүп, башына бак конгон. Өзү сындаган так ушул бийликтин тушунда, тагыраагы 2010-жылдан кийин жылдызы жаркырап жанганын өзү деле танбаса керек. Бир эмес эки чакырылышта депутат болду. Катардагы депутат эмес, бакандай фракцияны жетектеп, үлкөн партиянын лидерине айланды. Ал ортодо Чүй облусун башкарып губернатор боло калганга дагы жетишти.

Ток этээрин айтканда, башкасы сын айтса да, Канаттын бул бийликке сын айтканга акысы жок эле. Акыл калчап ойлонуп көрсө.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости