www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаев айыптоочулар сотту атайылап адаштырып жатат деп эсептейт. Бул тууралуу ал ушу тапта сотто айтып жаткан жарыш сөзүндө билдирди. Исаев тергөөдө ишеничтүү документалдык далилдер келтирилбегенин, ага жок айып тагылып жатканын айтты.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн Исаевге жана аны менен кошо дагы алты кишиге каршы козголгон кылмыш ишин кароо уланууда.

УКМК Канатбек Исаевди 2008-2010-жылдары "Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турганда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген" деп айыптаган жана далил жетишүү экенин айтып, ишти сотко өткөрүп берген. Ага Кылмыш кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") негизинде кылмыш иши козголгон.

26-декабрда жарыш сөзгө чыккан прокурорлор Исаевди 20 жылга эркинен ажыратууну өтүнүшкөн.

Депутат Исаев мындан тышкары "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган" деп да айыпталып жатат. Былтыр президенттик шайлоо алдында ал атайын кызматтын тергөө абагына белгисиз мөөнөткө камакка алынган. Ал иш боюнча тергөө аяктай элек деп Азаттык билдирет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости