www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Канатбек Исаевге карата козголгон кылмыш иши жөнүндөгү маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.

Ага ар бир парламенттик фракциядан төмөнкү өкүлдөр кирди:

Дастан Жумабеков, Алмазбек Токторов “Кыргызстан”,

Төрөбай Зулпукаров, Мурадыл Мадеминов, Асел Кодуранова, Мухтарбек Айнакулов (КСДП),

Талант Мамытов, Курманкул Зулушев, Бактыбек Райымкулов (“Республика – Ата Журт”),

Тынчтык Шайназаров (“Өнүгүү-Прогресс”),

Улукбек Ормонов (“Бир Бол”),

Алмамбет Шыкмаматов (“Ата Мекен”).

Эскерте кетсек, Канат Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турганда "муниципалдык жер участогун жеке компанияга карматкан жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген" деген айып тагылган. Ага Башкы прокуратура апрелде иш козгоп, УКМКга өткөрүп берген.

УКМК Канат Исаевге айыбын угузуп, эч жакка кетпөө тууралуу тил кат алган.

Ал эми Канат Исаев өзүнө козголгон кылмыш ишин четке кагып келет.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости