www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канат Садыков шайлоону утуп алды

Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин ректорун шайлоо 27-майда өттү. Каттоого алынган 1344 шайлоочунун 1216сы катышты.

Жети талапкер ат салышып, добуш берүүнүн жыйынтыгында ректордун милдетин аткаруучу, мурдагы билим берүү жана илим министри Канат Садыков 776, проректор Таалайбек Каракеев 264 добуш, Туратбек Суранаев 66 добуш топтоп, алдыңкы үч орунду ээлешти. Баарына каршы 27 адам добуш берген.

Эми алдыңкы үч орунду алган бул талапкерлердин ысымдары өкмөткө жиберилет.

Эреже боюнча, Улуттук университеттин ректорун окуу жайдын кызматкерлери шайлап, өкмөт бекитет.

Булак: “Фабула”

Последние новости