www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 22-июнда уланган Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүдө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон, УКМКнын экс-кызматкери Канат Сагымбаевге прокурорлор он бир берене менен айып тагышты. Бул тууралуу Сагымбаев төмөндөгүдөй пикирин айтып чыкты:

"Буга чейин мага коюлуп жаткан ар бир айып боюнча макул эместигимди билдирип келгем. Ага карабай бийлик мени менен соодалашуу аракетин дагы да улантууда. 

Тергөө менен кызматташууга барсаң эркиндикке чыгасын деген сунуштарды эми үй-бүлөм аркылуу айттырып жатышат. 

Бирок менин ар-намысым экс-президентке жалган жалаа жаап, эркиндигимди сатып алууга жол бербейт.

Оор жана эӊ оор 11 берене менен айып коюп жатышат. Баардыгы ойдон чыгарылган. Менин күнөөм жок экендигин баса белгилеп кетким келет.

1.Бийликти күч менен басып алууну уюштурган деген айыптын өзү эле акылга сыйбаган нерсе. Бул берененин коюлушу түздөн түз саясат менен байланыштуу. Тергөө менен кызматташууга барган экс-президенттин айрым тарапташтарын, балким, кыйноо жолу менен жалган көрсөтмө берүүгөө мажбурлашкан.

2.Массалык баш аламандыктардын уюштуруучусу жана жетектиси деген айып дагы ойдон чыгарылган. Баш аламандыкты мен эмес, бийлик атайылап өзү уюштурду. Болбосо, күч органдарынын экс-президентти бир дагы адам жабыркабагандай кылып алып кетүү мүмкүнчүлүгү бар болчу. Мыйзамсыз штурм анык провокация болгон.

3.Адамды барымтага алуу беренеси менен коюлуп жаткан айып дагы чоӊ күмөн жаратат. Альфа кызматынын 6 кызматкерин атайылап алып кетишкен эмес. Бул жагдай бийликке Атамбаевке карата дагы куралдуу чабуул жасоого мүмкүнчүлүк берди. 8-август күнү күч түзүмдөрү тараптан өкүл келбегендиктен, өз күчүм менен аларды Кой-Таштан чыгаргам. Ошондо алтоо теӊ мага ыраазычылыгын билдиришкен. Азыр белгилүү себептер менен чындыкты айта албай жатышат.

4.Адамды өлтүрүүгө жардам кылган деп күнөөлөп жатышат. Үсөн Ниязбековду ким өлтүргөндүгү мага да табышмак. Альфачылардын берген көрсөтмөлөрүнө ылайык, Ниязбеков үйдүн биринчи кабатында ок жеген. Мен болсо, экс-президент менен бирге үчүнчү кабатта болчумун.

5.Адам өмүрүнө кол салуу беренесин дагы коюп жатышат. Бул калп. Аны колунан жарат алган кызматкер мени менен болгон беттештирүүдө экинчи кабаттан ок жегенин өзү айткан. Ал учурда мен жогоруда белгилегендей үчүнчү кабатта элем.

6.Кийинки айып - сол ийнине СВД куралынан ок тийген жоокердин өмүрүнө кол салды деп жатышат. Биринчиден, мен курал кармаган эмесмин. Экинчиден, эгер СВД мылтыгынан ок тийсе, анда адамдын 150-200 грамм этин жулуп кетмек. Экспертизанын жыйынтыктарын – кийимин, ок тийген жердин сүрөтүн дагы көрсөтпө​й коюшту.

7.Зомбулукту уюштуруучу деген берененин мага кандай тиешеси бар? Тергөө Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловго карата зомбулук уюштурган деп мени айыптап жатат. Курманкулов 7-август күнү көчөдө жарат алган деп жүрөт. Мен эч кимге эч кандай буйрутма берген эмесмин. Тескерисинче, үйгө кирип келген ачууланган элди токтотууга аракет кылгам.  

8.Тергөөнүн ишине тоскоолдук жаратты деген айыпка мындай жооп берет элем. Штурмга киргенде, биз тергөөдөн келдик деп эч ким айткан эмес. Бандиттерче эле басып киришти. Мен өз кызматымда гана аткардым. Экс-президенттин өмүрүнүн кепилдигине мен жооптуу элем. Анын башынан бир тал чач түшүрбөй, мага жуктөлгөн милдетимди так аткардым.

9.Алмазбек Атамбаевди күч менен алып кетүү үчүн келген кызматкерлерге карата зомбулук уюштурган мен эмес, мыйзамсыз буйрук берип, куралсыз элге каршы коюп, андан кийин таштап кеткен Орозбек Опумбаев күнөөлүү.

10.Мен кызматтык абалымды кызматтын кызыкчылыгына каршы колдонгон жокмун. УКМКнын бир кызматына каршы экинчи кызматты койгон жетекчи жооп бериш керек. Андай болсо, мени чакыртып алышы керек эле.

11.Курал-жарак, ок-дарыларды уурдоо беренеси менен коюлган айып дагы орунсуз. Тескерисинче, Альфачылар элге тарттырып жиберген курал-жаракты чогултуп, бекитип койгом. 8-август күнү баардыгын Курсан Асановго өткөрүп бердим.
 
Жогоруда коюлган айыптардын баардыгын четке кагам. Баардыгы бийликтин буйругу менен болуп жатат. Сот баардыгын күнөөлүү деп чечим чыгарары айдан ачык. Соттук териштирүүнүн дагы жабык өтүп жатышы ушундан кабар берет", - деди Канат Сагымбаев.

Белгилей кетсек, Биринчи май райондук сотунун 22-июндагы отурумунда соттолуучуларга айыптарын угузуу уланды. Мамлекеттик айыптоочу айыптоо актысы менен тааныштырууну 15-июндагы сот отурумунда баштаган.

Эске сала кетсек, Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, азыркы жана мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин тергөө иши февралда сотко өтүп, ишти Биринчи май райондук соту 3-марттан бери карап жатат.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Атамбаев баштаган 19 кишиге айып тагылган. Тергөө менен кызматташкан бешөөнүн иши өзүнчө тергелүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости