www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакыйган орган кызматкерлери Алмазбек Атамбаевдин командасындагы эки адамга өзгөчө токтолушат экен. Биринчиси, Канат Сагымбаев камалып, ар кандай кысымдарга кабылса да майтарылбай, бийлик менен соодалашпаганы, эрктүүлүгү, туруктуулугу менен өзгөчөлөнгөнүн эшиттик.

Бул жигит менен чалгынга чогуу барсаң жарашат, орто жолдон таштап кетпейт же артыңан бычак урбайт. Адамгерчилигине, эң жөнөкөй жигиттик сапатына баракелде!

Экинчисине токтолсок, Алга Кылычев камалар замат тергөө алкагында кызматташып, саясатта чогуу жүргөн тилектештерин сатып, тескери көрсөтмөлөрдү берүүнүн натыйжасында эркиндикке чыгып кеткени, жалакайлыгы менен сынга кабылганы жашыруун эмес.

Көшөгө артынан кимдерге каршы иштегени, кандай жолдор менен ойт бергенин майдалап отурбайлы. Кыскасы, Канат Сагынбаев эрктүү болсо, Алга Кылычев саткынчы катары бааланууда. Бул турмуш чындыгы да, туурабы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости