www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-январдагы Борбор Азиядагы энергетика системасында катталган кырсыктан кийин Өзбекстанда нан жана күйүүчү майга болгон баа кескин кымбаттады.

Бул тууралуу маалымат каражаттары жазышты.

Мындан беш күн мурун  Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстандын көптөгөн аймактарында электр жарыгы өчкөн. Аймактагы жалгыз электр шакекчесине туташкан Казакстан менен Кыргызстан бир нече сааттын ичинде электр энергиясын калыбына келтирип алышкан, ал эми Өзбекстан дагы эле электр жарыгындагы чоң өчүрүүнүн кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.

27-январда Өзбекстандын Энергетика министрлиги электр энергиясы толугу менен калыбына келтирилгенин, ал эми газ 28-январдан тарта бериле турганын билдирген.

Бирок, коңшу өлкөнүн бийлик өкүлдөрү электр жарыгынын өчүрүлүшүнүн экономикалык кесепеттери тууралуу эч кандай маалымат таратпаганы менен, жергиликтүү тургундар жана ишкерлер электр жарыгынын өчүрүлүшүнүн экономикалык кесепеттери тийип жатканын айтышууда.

Өлкөдө чайкана, наабайкана, дүкөндөрдө газ өчүрүлүп, баары көмүргө, отунга өтүшкөн. Газдын жоктугунан наабайчылардын көмүргө өтүшү нандын кымбатташына алып келген. Анжияндагы базарда 2000 сумдук (15 сом) нан азыр 3500 сумга (27 сом) бааланууда. Чоң нандын баасы 15 000 сумду (118 сом) түзөт.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын басымдуу бөлүгүндө метан май куюучу жайлары убактылуу жабылып, таксисттердин абалы оор. Май куюучу жайларда киргизилген убактылуу чектөөлөрдөн улам шаардык таксилердин, аймактар аралык жүргүнчүлөрдү ташуу жана жеткирүү кызматтарынын баасы 20%, айрым жерлерде 50% кымбаттап кеткен.

Белгилей кетсек, 25-январда Борбор Азияда Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанды электр энергиясынан ажыраткан массалык авария болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости