www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия бийлиги Евробиримдиктин жана Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин айрым расмий өкүлдөрүнө Орусияга кирүүгө тыюу салды. Европа Биримдиги бул чечимге жооп берерин жарыялады.
Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Борреллдин берген билдирүүсүндө, Евробиримдиктин мекемелерине жана ага мүчө өлкөлөрдүн кээ бирки аткаминерлерине Орусияга кирүүгө чектөө коюлганы жарыяланды.

"Бизди орус бийлигинин бул чечими тынчсыздандырат", - деди ал. Билдирүүдө бул чечимдин юридикалык негизи жок экени баса белгиленген.

"Бул чечимге ылайыктуу жооп болот. Орусия бул чечими менен  Европадагы чыңалууну күчөтүүдө", - деп айтылат Евробиримдиктин билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости