www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оштун Кара-Суу районунда 14 жаштагы кызды ала качууга шектелип төрт киши кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя 26-январь күнү саат 22:30 чамасында Кара-Суунун Ленин көчөсүндө жайгашкан "Кылым-Ордо" аталышындагы чайкананын алдында болгон.

"Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 25 жаштагы И. у. Б. үч досу менен 14 жаштагы Н. Н. аттуу кызды никеге туруу максатында Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаасына салып, Талдык айылындагы үйүнө алып качкандыгы аныкталган", — деп жазылган маалыматта.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү тизмесине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси ("Никеге туруу максатында ала качуу") менен кылмыш иши козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости