www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Калдарбек агай, өткөн жумада “шыпаакана” маселеси көтөрүлгөндө саламаттыкты сактоо тармагындагы мышык ыйларлык абалыбыз тууралуу да айтылды. Бүгүн алыскы аймактарыбыз кандай күн көрүп жатат?
- Аймактарда эле эмес, жалпы мамлекеттик медицинанын акыбалы начар. Эң негизги көйгөйлөргө токтолоюн. Биринчиден, медиктердин эмгек акысы өтө төмөн. Төмөн дегеним, медиктердин ач калбай жашоосуна, тиричилигине, үй-бүлөсүн бакканга, жөнөкөй эле муктаждыктарына азыркы эмгек акы жетишпейт.
Ошол себептен министрибиз “медиктердин маянасын миң долларга чыгарыш керек” деп жатат. Экинчи көйгөй, мамлекеттик ооруканаларда медициналык жабдуулардын эбак эскилиги жеткен, көбү иштебейт. Совет доорунан бери жаңыланбаганы өкүнүчтүү. Дарылоо ыкмалары көбүнчө эски.
Толук заманбап жабдуулар менен камсыздалган ооруканалар саналуу гана. Жаңылары алынганы боюнча алсак, заманбап керектөөлөр тегиз ооруканалардын баарына эмес, чаржайыт, тийип качмай, ким катуу кыйкырса ошолордуку болуп, ооз басырык катары алынып, таркатылып жатат.
Үчүнчүдөн, ооруканалардын имараттары эскилиги жеткен, четинен урап жатат. Жаңы курулгандары өтө чакан жана бирин-экин. Имараттардын 80%ы капиталдык ремонтту же толук жаңылоону талап кылат.
Төртүнчүдөн, жалпы медициналык абал, өзгөчө тар адистештирилген кызматтар элдин санына жараша, айылдардын, шаарчаларыбыздын географиялык жайгашышына жараша жетиштүү эмес. Талапка ылайык эмес.
Бешинчиден, медицинанын азыркы иштөө системасы биздин элдин саясый-экономикалык, географиялык жашоо шартына, интеллектуалдык деңгээлине, таалим тарбиясына жана негизгиси "чөнтөгүнө" туура келбейт.
Алтынчыдан, кадр даярдоодо сандык да, сапаттык да чоң мүчүлүштүктөр бар. Ошондуктан дарыгерлер жетишпейт. Соңку жылдарда медайымдар да жетишпей бара жатат.
- Элдин медицинага ишеничи кандай?
- Акыркы чоң көйгөйлөрдүн бири – өкмөттүн жана элдин медицинага болгон мамилеси, көз карашы терс жакка өзгөрдү. Ошол себептен медиктердин өзүлөрүнүн да медицинага болгон көз карашы жаман жагына өзгөрүүдө. Медицина бизнеске айланып кетти. Ушул жана башка дагы айтылбаган кемчиликтердин негизги себеби – медицинага каралган акча каражаттын кескин жетишпегени.
- Демек, эмне кылыш керек? Канткенде системаны оңдойбуз?
- Мен ушул масалелерди чечүүнүн жолу катары акыркы 10 жылдан бери өзүмдүн медицинанын каржылоо жана башкаруу системасын модернизациялоо боюнча программамды улам жаңы келген өкмөткө сунуштап, массалык маалымат каражаттарынан айтып келем. Азырынча жыйынтык жок. Ал программанын негизи – медицинанын өнүгүшү үчүн системанын ички каржы булактарын таап колдонуш керек.
Ошондо гана система көз карандысыз өнүгөт. Антпесек сырттан келген долбоор программалардын, фонддордун жардам акчаларына же өкмөттүн өрт өчүргүчтөй тийип качып, системанын ичинен орун алмаштырмай, бирин жаап, экинчисин ачмай жолу менен "реформалоо" жалпы медицинанын өнүгүүсүнө өбөлгө түзбөйт. Жаңы жалпы системалык реформа керек.
Антпесек акыбал кечээ, бүгүн кандай болсо, эртең ошол бойдон калат, андан да начарлайт. Мамлекеттик медицина дээрлик алсырайт, жеке менчик медицина гана өнүгөт. А жарандарынын 60%ы жарды өлкөнүн эли үчүн бул чоң көйгөй, трагедия болот.
Булак: Азия News гезити