www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мекеним Кыргызстан» партиясынын төрага орун басары Канатбек Азиз «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан парламентке талапкер болгон Өмүрбек Суваналиевке душмандарды жана эки жүздүүлөрдү өз партиясынан издеш керек экенин кеңеш кылды.
Мындай сөздү айтууга Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин орун басарынын чыгып сүйлөгөн сөзү себепкер болду.
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын курултайында ал бийлик криминалдардын алдында жеңилгенин баса белгилеп, азыр парламенттик шайлоого аттанып жатышкан бийлик партияларынын башында өлкөдөгү коррупциянын башында турушкан криминалдык авторитеттер жетелеп келатканын айткан. Өмүрбек Суваналиевдин айтуусунда бийликчил партиянын башында "Мекеним Кыргызстан" да бар. «Бүгүнкү күнү кимдер парламенттик шайлоого аттанып жатпасын "Мекеним Кыргызстан" партиясына өзүнүн тескери көз карашын айтып жатат. Эмне үчүн? Биринчиден, бул алар үчүн пайдалуу, анткени алар өз каталарын, туура эмес кошулган өнөктөштөрүн жаап-жашыруу аракеттинде, саясий талаада бир аз болсо да өздөрүн көрсөтүп, өздөрүнүн принципсиздигинен жана эки жүздүүлүгүнөн улам урула турган соккудан буйтап кетүүнүн аракетин кылышууда. Экинчиден, биз барыбыз тең периште эмеспиз, бирок эки жүздүү эмес экенибиз анык. Бардык кыйкырып жаткан саясатчыларга алардын ичинде Өмүрбек Суваналиевке баса белгилегим келет, алды–артын байкап, өлкөбүздүн душмандарын жана башкы жүзү караларды өз арасынан издесе жакшы болмок», - деп жазат Канатбек Азиз.
Ушул сөздү айтып жаткандардын арасында жок дегенде экөө, чындыкты жана акыйкатчылыкты айтып жатам дегени менен бир нече ирет "Мекеним Кыргызстан" партиясына кирүүгө аракет кылган. «Мындай аракеттер бир нече ирет болгон. Ошондуктан, жаман сөз айткандарды токтотуп, кемчиликтерди башкалардан издеп, өздөрүн таза шайлоого багыттап, болбосо эмитен жеңилгендерин мойнуна алышы керек» -деди Канатбек Азиз.
Маалымат “Вести.кж” сайтынан кыргызчаланды
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg