www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Козголгон кылмыш иштерине карата Канатбек Исаев буга чейин негиздүү аргументтерди келтирип, саясый куугунтуктун айынан ак жеринен соттолуп атканын билдирген.
Жаңы бийлик келгени өзгөрүүлөр болорун күтүп атсак, тилекке каршы, эч кандай жылыш жок.
Жакында Исаевдин Токмоктогу иши Бишкек шаардык сотунан каралып баштайт. Эгерде мурдагы режимдегидей саясый буйрук болбосо, анда акталууга негиз түзүлөт.
Ал эми кийинки “төңкөрүш жасоо» боюнча кылмыш ипш саясый куугунтуктун негизинде токулганы калппы? Эмне үчүн Канат мырзаны үй камагына чыгаруу менен ишти тергесе, же сот процесстерин жүргүзсө болбойт?
Мурдагы бийлик өч алуу, эркин сындыруу үчүн камаган. Азыр муну элдин баары билет. Эми жаңы бийлик жаңы бийлик эскилердин катасын кайталабай, Исаевдин ишин кароодо адилеттүү гана мамиле кылышы керек. Ошондо таза коом, абийирдуүү бийлик бекемделет болчу. А болбосо саясый акыбал кескин түрдө начарлап кетиши ажеп эмес.
Булак: АЗИЯньюс