www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин депутат Канатбек Исаевдин камакка алынышы криминалдык чөйрөнун аралашуусу менен ишке ашкандыгы ЖМКларга чыгып келгенин билесиңер да? Бүгүнкү күнгө чейин тергөө органдары күчкө салуу менен кылмыш ишин козгошкону, жалган-жалаалар жабьшганы бир нече ирет талкуу жараткан. Эске сала кетсек, Токмок шаарынын мэри болуп тургандагы ишмердиктерин казып чыгуу менен мурда да нерсе табылбай, кайра жабышган болчу.
Анан ал ишти да чүргөшкөнү саясый иш катары пикир жараткан эле. Негизи эле Канатбек Исаев төңкөрүшкө даярданып, мамлекеттик түзүмдү бузууга барбайт болчу. Мындай пикирди эл ичиндеги акыл-эстүү адамдардын баары эле айтууда. Анда неге алты айдан ашык убакыттан бери Исаев камакта жатат? Же бир ишенимдүү далил болдубу? Ооба, криминалдык элементтердин жардамы аркылуу колго тушүрүлүп атса, анда бүгүнкү биздин укук коргоо кызматкерлерине кимдер үстөмдүк кылыш калган? Чечмелөөгө анчалык деле терең акылдын кереги жок го?
Булак: "Азия ньюс"