www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Канат мырза, быйылкы жылы парламенттик шайлоо болот эмеспи. Шайлоону утурлай саясатчылар баш кɵтɵрүп, биригүү жолдорун карап, топ-топ болуп «үйүлгүшүп» атышат дегендей. Сиз 2015-жылы «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси менен депутат болуп келип, кийин аткаруу бийлигине кеттиңиз эле. Быйыл кайрадан парламенттик шайлоого катышуу ниетиңиз барбы?

--Ооба, ɵзүң айткандай быйылкы айларында парлменттик шайлоо ɵтɵт эмеспи. Шайлоо жакындаган сайын саясатчылардын биригиүүсү мыйзам ченемдүү эле кɵрүнүш. Кимдин же кайсы партиянын Жогорку Кеңешке келээрин шайлоо, элдин тандоосу чечет. Мен 2015-жылы депутат болуп келип, бир аз иштеген соң Ɵкмɵткɵ караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын тɵрагасы болуп кеттим. Ал жерде колдон келишинче иштедик дегендей. Ал эми быйылкы парламенттик шайлоого катышуу ниетим бар. Азыр жашпыз, билим-тажырыйбам менен эл-жерибиз үчүн иштеп бергенге мүмкүнчүлүгүм жетет. Кайсы партия менен барам аны азырынча унчукпай эле турайын.

--Сиз бир учурда шарты катаал Теңир-Тоо дубанынын башчысы, башкача айтканда губернатору болуп турдуңуз. Сизден кийин иштеген губернаторлордун ишине канаатандыңызбы?

--Кандай десем?! Эми мен кеткенден кийин менин ордума келип иштеген адамдын ишине баа бергеним туура болбой калат го. Мактасам: «Канат кошомат кылып атат», -дейт, сындасам: «Канат кɵрɵ албай атат», -дешет. Ошондуктан мен эч нерсе дебей эле коеун. Бааны, сынды жалпы эл берсин. «Калк айтса калп айтпайт».

Бирок, ушул жерден бир нерсени айтып коюшум керек. Эгемендүүлүк алган жылдарда ким преидент болсо дагы, аймактарга, айыл жерине Сооронбай Шаириповичтей эч ким кɵңүл бурган эмес. Сооронбай Шарипович 2017-жылдын аягында преиденттик ишке киришсе, 2018-жылдан бүгүнкү күнгɵ чейин аймактарга ɵзгɵчɵ кɵңүл буруп келе жатканын кɵрүп жатабыз. Азыр аймактарды ɵнүктүрүү, дыйкандарга жардам берүү боюнча мыкты шарттар, мыкты мүмкүнчүлүктɵр түзүлдү. Мына ушуну губернатор, аким, айыл ɵкмɵттɵр туура пайдаланып чоң нерселерди жасаса болот. Ачыгын айтып коюшубубуз керек, мен губернатор болуп иштеп жаткан кезде аймактарга азыркыдай кɵңүл бурулган эмес. Эгерде ошол учурда мындай кɵңүл бурулганда биз ɵтɵ чоң иштерди ишке ашырат элек.

Аны менен бирге мына бүгүн дүйнɵлүк технология саат сайын эмес, мүнɵт сайын ɵзгɵрүп жаңыланууда. Биз да андан артта калбай Сооронбай Шариповичтин демилгеси менен ɵлкɵнү санартиптештирүүгɵ багыт алдык. Таза коом курабыз десек санариптештирүүнү баарыбыз түп кɵтɵрүлɵ колдоого алып, ар тараптан жардам беришибиз керек. Ал эми калктын саламаттыгынын ɵзɵгү таза суу экендиги талашсыз. Президентибиз бул демилгени да жеке кɵзɵмɵлү менен ишке ашырууда. Мына санай берсек ушул сыяктуу мыкты долбоорлор ишке ашып жатат… 

--Ошол эле учурда президенттин ар бир кадамын сындап, терс пикир айткандар болуп жатбайбы?

--Кɵпчүлүктүн ичинде ар кандай адамдар бар да. Кайсыл президент болбосун сын айткандар сɵзсүз болот. Бирок, кандай болгон күндɵ да сындайт деп эле калпты-чынды койгулаштыра бербей сынды да негиздүү далилдер менен айтышыбыз керек. Президентибиз Сооронбай Шарипович айыл-чарбанын күрɵɵ тамырын кармай билген, элет жеринде чоңоюп айыл түйшүгүн мыкты түшүнгɵн инсан. Демек, ажобуз баардык тармакка кɵңүл буруп, аны менен бирге айыл-чарбага басым жасоо менен туура багытта иш алып барып жатат десем жаңылышпайм.

Амантур Мусагул уулу

Булак:"De-facto"

Последние новости