www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Канатбек мырза, учурдагы саясый кырдаал, жемкорлордун классикалык жүрүшү сиздин кыжырыңызды келтирбей элеби?

--Кыргызстандагы "легалдуу" түрдө мамлекетти тономойдун эң жаңы жолу - бул турдуу масштабдагы реконструкция иштери экендигин ТЭЦтеги, тарых музейиндеги кыйыр иштер далилдеп койду. Мурда энергетикада "Ширшовдун схемасы" болсо, азыр "реконструкция" жүргүзөбүз деген шылтоо менен мамлекеттин бюджетинен оңой эмес акча жымыруунун жаңы схемасы келип чыкты. Ал эми тарых музейиндеги оңдоп – түзөө иштерине эбегейсиз каражаттын жумшалуусу жогорудагы афералык схеманы апробация кылынгандыктын классикалык үлгүсү. Башкасын айтпай эле эмеректерге, атка окшош жаныбардын инсталяциясын чет өлкөлөрдөн өтө чоң суммадагы акчага сатып алынуусу жеке мени шок абалга алып келди. Күч органдары маселени тыкыр изилдеп, азыркы убакта айрым массалык маалымат каражаттарында жазылып жаткандай курулуш иштерин эч кандай проекттик - сметалык документсиз жана тендерсиз өткөргөн жетекчилер мыйзам чегинде өтө катаал жазасын алыш керек. Коомдо резонанс жараткан бул иш "бармак басты, көз кысты" менен токтоп калбаш керек.

--Рахмат.

Эске сала кетсек, Мамлекеттик тарых музейине мамлекеттен жалпысынан 1,5 млрд.сом бөлүнгөн. Анын 700,0 млн. сому оңдоп-түзөө иштерине, 864,4 млн. сому экспонаттарды коюуга, жабдыктарды оңдоого арналган. Музейди реконструкциялоодо 400 миң евро, жалпы эмеректерге 9 млн евро каражат жумшалган.

Мамлекеттик тарых музейинде 135 миңден ашык буюм-тайым турат. Музей оңдоп-түзөө үчүн 2016-жылы 25-мартта жабылган. Тилекке каршы, музейдин ичине алынган буюмдар элдин оозун ачырып, көзүн алайтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости