www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экотехинспекциянын жетекчиси Канат Муратбеков жакынкы арада кызматынан кетет. Өз ишин мыкты билген Муратбеков саясий кырдаалдын курмандыгы болгону калды. Негизи эле буга чейин учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчысы болуп турганда эле ымаласы жакшы эместиги айтылып жүрчү.
Ошол себептен уламбы, президенттик шайлобдо Өмүрбек Бабановго иштегени каңкууланган. Эми ошол кылыгынын кедергисин тартканы турат. Шайлоодон кийин жаңы командага «чоочун» катары саналып, өгөйлөнгөн мамилеге дуушар болуп өзүн жаман сезип келген Канат мырза кызматтан кетсе, ордуна «Кыргыз көмүрдүн» жетекчиси Жолдошбек Жунушев кечиши мүмкүн экени кеп болуп жатат, деп жазат "Фабула" гезити.
Негизи “Кыргызстан” саясый партиясынын баш айлантмасы деги эле бүтпөй койду. Алсак, аталган партиянын акчалуу аташкасы Шаршенбек Абдукеримовдун арактан чогулткан акчасы Теңир-Тоолуктарды деле жыргаткан жок. Ал эми экинчи “кыргызстанчы” Алмазбек Батырбековдун элди кылтылдатмасынан башка көрүнүктүү эмне иш кылып бергенин өзү деле билбесе керек.
Депутат Алмазбек Батырбеков, Сауд Арабиядан келген шейхтерди “суу чыгарып, элден сооп алгыла” - деп үн чыгарганы менен шейхтер демөөрчүлүк кылып чыгарган суусу, элге чакалап эмес, чыны менен сузуп суу ичкенге жараган жок.
Баарынан кызыгы, “Кыргызстан” саясый партиясынан сунуштап кызмат берген, Ак-Талаа районунун акимчилигине, Нарын шаарындагы вице-мэрлигине, айыл-чарбасын түшүнбөгөн, ал тургай кетмен сапты жакшы билбеген адамды кызматка барып, кудуңдап сүйүнүшүп жүрүшкөнүн уктук.
Нарын тарапка кулак түрсөк, такталбаган маалыматтарга таянсак, «Кыргызстан» саясый партиясынан кызматка келген Экотехинспекциянын жетекчиси Канат Муратбеков кызматынан жакында ыргыйт имиш. Анын ордуна “Кыргыз көмүрдүн” мурдагы жетекчиси, калдайган кадыр-баркы болбосо дагы, томуктай сыйы бар Жолдошбек Жунушовду кызматка алып келе турганы маалым болду. Бул Жунушов дегени “Кыргыз көмүр” ишканасында кызмат кылып, кыйратып жыргаткан эмес. Кышында Нарын эли көмүрдөн кыйналып кезекте туруп, кызыл-чеке болуп мушташканы жалпыга маалым. Анын айынан Нарындын губернатору трибунадан сөгүш алып, солкулдап турганын унутпаса керек.
Дегеле барган сайын "Кыргызстан" саясый партиясы ындыны өчүп бара жаткандай, алсак лидери болбогон жерден бок сүйкөлүп Канат Исаев сүргүнгө айдалса, партиядан кызматка келген экинчи Канат Муратбекову ээрден шыпырылганы араң турат. Дегеле ушул саясый партиянын “котур ташы колтугунда” экен.
Баса, ушул Канаттардын канатын сындыргысы келгендер, бир дасторкондон даам сызып, парламенттик шайлоодо бир кадам таштагынын унутуп калышкан сыягы. Эмнеси болсо дагы оор кыраалда бири-бирин сүйөп таябаган кошоматчы партиялардын катарын толуктап, "эмчек" берип койсо, ээрчип кете бере турган партиялардын катарын толуктады. Өтө кызыл бат оңду...Эми аталган саясый партия, экинчи Канатын сактай алабы же жокпу кулак түрө туралы...
Булак: NazarNews.kg