www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен Уландын өлүмүнүн сырын ачуу менен алек болуп жатсам айрымдар “Дагы деле пиар кылып жатасың дегендер уланууда”- дейт Каниет Жыргалбеков. Коомчулукка чындыкты жеткирүү үчүн болгон күчүмдү жумшайм. “Пиар кылып жатат”- деп ар ким ар кайсы жактан жаза берсе Каниет токтойт дешти го! Уландан үйрөнгөн анча- мынча чындык айтчу сапатым бар! Улан да чындык деп жүргөндө жалгыз болчу!- деп күйүп бышкан досунун үнүн сиздерге жеткирүүнү туура көрдүк.
-Анча мынча эл ошентип жатат десем, Улан ишенген айрым саясатчылар да жазгандарымды пиар катары алып жаткан экен! Макул.
Кыскача айтайын, пиар болсо эгер жазгандарым “Улан сууга чөктү деп жыйынтык чыгарганда бутунда тактар бар болчу аны мен эле эмес жанымда бир нече адам көргөн”- дегенде алар бир ооз ачып коюштубу?! Ал тактар айтылбаса сууга чөктү менен иш бүтмөк! Чуркаган адамдын эмгегин баалабаса да бут тосуп жаман көрсөтпөш керек, эл тараза эл сынчы!
Мен кайсы жерде жүргөнүм, кандай иш болуп жатканын улам сиздер менен бөлүшүп турдум. Себеби, эртең үйдө жатып жазып жатат деп да чыгышмак. Ким каякта жүргөнүн эл деле көрүп турду. Ким күйүп чуркап жүрөт чындык үчүн аны да эл көрүп турду.
Чындык айтып, башында тактар боюнча айткан күндөн баштап айрым адамдар мени жолоткусу келбей, куранды чогуу окуталы десек да болушкан жок! Уландын ата- энесине ким барып кабар алып атат? Ким экенин жандарында болуп жатат, өздөрүнөн сурасаңар айтат. Улан кимдерге ишенчү, кимдерге ишенбечү аны да билишет!
Мен министирлерге үнүм жетпейт жана алардын алып барган ишине да көзүм жетпейт! Ошол үчүн Уландын ишин карап жаткан тергөөчүгө дагы бир тергөөчү коштурдум..
ЫсыкКөлдүн прокурору менен иштин болуп жаткан жеринен кабар алып барып келип атам. Экспертизага күндө бара берип тажаттым! Буларды тергөөчүлөрдөн да, прокурордон да, МОРГдун директорунан да сурасаңар болот! Алар мени жаттап бүттү...
“Кж Групп” курулуш компаниясы үй берип жатканын угуп Уландын апасы ыразычылык айтып сүйүндү эле, кээ бирлер барып оюн буруп, пиар кылып жатат деп ойлошот экен. Мамлекет колдобогон учурда колдоду го. Жакында ачкычы берилет. Эгер адам өзү жардам бере албаса башкаларга, колдоо көрсөтүп, дух бергенди үйрөнгөн жакшы! Эстелик куруу, фонд ачуу, китеп чыгаруу өтө жакшы иш! Бирок бул убагы менен боло турган иш! Учурда эл экспертизанын жыйынтыгы , иликтөө таза чыкса дешет! Ойду башка жакка бурбаш керек! Булардын Уланга да ата-энесине да кереги жок азырынча! Азырынча иликтөө жана ЭКСПЕРТИЗА! Пиар кылып жатат деп ар ким ар кайсы жактан жаза берсе Каниет токтойт дешти го! Уландан үйрөнгөн анча- мынча чындык айтчу сапатым бар! Улан да чындык деп жүргөндө жалгыз болчу!
Булак: NazarNews.kg