www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Нуржан Шайлдабековага депутат Чыныбай Турсунбеков каза болгондон кийин ЖКдагы мандат бош калгандыгын эскертип, кайрылды.

Азыр парламент эс алууда жана жаңы чакырылыштагы шайлоо жакында болуп жаткандыгына карабастан, мандат башка талапкерге берилиши керек.

Өз катында Жогорку Кеңештин төрагасы “Шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын 65-беренесине шилтеме берип, анда депутаттын өлүмүнө байланыштуу ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу жөнүндө айткан.

КСДПнын тизмесине ылайык, бош мандат Баратова Роза Аскеровнага берилиши мүмкүн. Баратова - Каракол шаардык кеңешинин учурдагы депутаты.
Ал 1970-жылы Каракол шаарында туулган жана "Аквадрим" ЖЧКнын негиздөөчүсү.

Несмотря на каникулы. Мандат Чыныбая Турсунбекова необходимо передать другому кандидату

Булак: NazarNews.kg

Последние новости