www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кант шаардык мэриясына караштуу таштанды полигонунда чыккан өрт боюнча 51 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда полигондо өрт чыккандыгы тууралуу маалымат тарагандан кийин министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жеринде текшерүү жүргүзүшкөн.
Өрттү өчүрүү иштери Кант шаардык мэриясы тарабынан ыкчам уюштурулуп, тилсиз жоо толугу менен өчүрүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык Кант шаардык мэриясына карата протокол түзүлүп, 51 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.