www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган айдоочуга коомдук транспорт башкарууга жол берген кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-июль күнү саат 09:00 чамасында 1977-жылы туулган М.Б.К. №34 автобусту башкарып бара жатып, Жаш Гвардия бульварынан Рыскулов көчөсүнө бурулуп жаткан учурда 2017-жылы туулган М.А. аттуу баланы сүзүп кеткен.

Ал учурда бала жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн жол чырактын уруксат берүүчү белгиси күйүп турганда өтүп бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен өспүрүм автобустун алдында калып, күбөлөрдүн жардамы менен чыгарылган. Бирок ал ооруканага жеткирилгенге чейин каза болгон.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү («Этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келген жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу») менен кылмыш иши козголуп, автобус айдоочусу кармалган.

Тергөө учурунда айдоочу 2026-жылдын 23-январында Ленин райондук сотунун чечими менен мас абалында унаа башкарганы үчүн бир жылдык мөөнөткө айдоочулук укугунан ажыратылганы аныкталган.

Милициянын маалыматына караганда, соттун чечимине карабастан, «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери айдоочуну иштен четтеткен эмес.

Ушул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренесинин 2-бөлүгү («Мас абалдагы адамга автомототранспорт каражатын башкарууга жол берүү, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун») менен өзүнчө кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүү катары диспетчер, 1979-жылы туулган Ш.К. жана жол кыймылынын коопсуздугу боюнча инженер, 1970-жылы туулган Т.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Последние новости