www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Стамбулдагы сот Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө берүү тууралуу чечим кабыл алды.
Чечим гуманитардык «Сумуд» флотилиясына байланыштуу ишти караган Стамбулдун 11-оор кылмыштар боюнча соту тарабынан кабыл алынган. Сот Нетаньяхунун сот процессине катышуусун камсыздоо максатында Интерполго «кызыл билдирүү» (Red Notice) чыгаруу өтүнүчүн жөнөтүүнү чечкен.
Айыптоо корутундусуна ылайык, Биньямин Нетаньяху жана башка айыпталуучулар адамзатка каршы кылмыштар, геноцид, кыйноо, атайылап денеге залал келтирүү, мүлккө зыян келтирүү, транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук кылуу, кемени басып алуу же мыйзамсыз кармоо, ошондой эле адамды мыйзамсыз эркинен ажыратуу беренелери боюнча жоопко тартылып жатышат.
Ошол эле учурда соттун бул чечими Интерпол автоматтык түрдө «кызыл билдирүү» чыгарат дегенди билдирбейт. Түркия тиешелүү өтүнүчтү Интерполго расмий түрдө жөнөтүшү керек. Андан соң Интерпол өзүнүн ички эрежелерине ылайык кайрылууну өзүнчө карап чыгып, акыркы чечим кабыл алат.