www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу кайра күчөгөн маалда Орусиянын президенти Владимир Путин Тегеранга атайын башкаруу учагын жөнөткөнү кабарланууда. Бул тууралуу Flightradar 24 кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Орусиянын жогорку мамлекеттик жетекчилиги үчүн пайдаланылган Ту-214ПУ үлгүсүндөгү учак Москвадагы Внуково аэропортунан Тегеранга учуп барган. RA-64531 каттоо номериндеги бул учак Президенттик администрацияны тейлеген «Россия» атайын учуу отрядынын курамына кирет жана эң корголгон аба башкаруу каражаттарынын бири катары саналат.
Ту-214ПУ («башкаруу пункту») маалыматтарды өткөрүү системалары, жабык стратегиялык байланыш каналдары жана өзгөчө кырдаалдарда мамлекеттик жана аскердик операцияларды координациялоого мүмкүндүк берген атайын жабдуулар менен жабдылган.
Маалыматка караганда, учак коопсуздукка олуттуу коркунуч жаралган шарттарда да башкарууну үзгүлтүксүз камсыздай алат. Ушул себептен улам ал АКШ президенти колдонгон ушул сыяктуу учакка окшоштурулуп, орус басылмаларында жана эксперттик чөйрөдө «Кыямат күнүнүн учагы» деп аталып келет.