www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев кызматтан кетти

Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев бүгүн, 27-февралда өз арызы менен кызматтан кетти. Бул тууралуу "Turmush.kg" басылмасы жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, ал мэр болуп 5 жыл иштеди.

Кант шаарында акыркы жылдары бир катар ири иштер аткарылды. 2021-жылы шаардын жергиликтүү бюджети 179 млн 294 миң сомду түзсө, 5 жылдын ичинде, тактап айтканда 2026-жылы 518 млн 862 миң сомго жетти.

Бул аралыкта майда долбоорлорду эсепке албаганда, шаардын бир катар көчөлөрү асфальтталып, Калкты тейлөө борбору жаңыланып реконструкцияланды. Шаардын дизайн-коду ишке киргизилип, Жаштар паркы пайдаланууга берилди.

Ошондой эле Кант мэриясы жолбун иттерди атып жок кылуу ыкмасынан баш тартып, аларды гумандуу жол менен жөнгө салуу саясатына өттү. 2022-жылдан тартып шаар кыргыз-француз уюмдары менен биргеликте иттерди кастрациялоо, эмдөө жана биркалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул чечим тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, кол салуулар боюнча даттануулар көбөйгөндөн кийин кабыл алынган.

Мэриянын маалыматы боюнча, 2026-жылга карата дагы бир катар ири долбоорлор иштелип чыгып, айрымдарынын баштапкы этаптары башталды.

Алардын бири — Кант шаарында таштандыны кайра иштетүү долбоору. Долбоордун жалпы баасы 20 млн долларды түзөт. Анын 70 пайызы Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланса, калган 30 пайызы башка компаниясы аркылуу камсыздалат. Курулуш иштерин Россиянын компаниясы жүргүзөт.

Мындан тышкары, саркынды суу тармагын жаңылоо боюнча 6 млн евро көлөмүндөгү долбоор даярдалып, ишти баштоо алдында турат.

Чүй облусунун чыгыш тарабында кризистик борбор жок болгондуктан, Кант шаарынын мэриясы кризистик борбор курууну да пландаштырууда. 

Ошондой эле быйыл Кант шаарында 500 орундуу, толук эмерек менен камсыздалган жаңы мектеп курулат. Экинчи мектепке 250 орундуу кошумча корпус куруу иштери башталат. Бул долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.

Мындан сырткары Кант шаарында муниципалдык базар куруу долбоорунун тиешелүү иш кагаздары даярдалууда.

Последние новости