www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борбору тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар тууралуу маалымат берди.

Аталган борбор төмөнкү реабилитациялык кызматтарды акысыз көрсөтөт:

• Медициналык реабилитация: физиотерапия, дарылоо дене тарбиясы (ЛФК), парафинотерапия, массаж, стоматологиялык кызматтар (тиш дарылоо жана протездөө);

• Медико-техникалык реабилитация: протездөөгө даярдоо жана протездик буюмга көндүрүү (адаптация);

• Психологиялык реабилитация;

• Социалдык-эмгек реабилитациясы: тигүү машиналарында тигүүнү үйрөтүү, мончоктон буюм жасоо (бисер токуу), сүрөт тартуу, компьютердик сабаттуулукка окутуу;

• Социалдык-маданий реабилитация: борбордун бейтаптарын даярдоого активдүү тартуу менен маданий иш-чараларды өткөрүү.

Кызматтарды алуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

1. Үй-бүлөлүк медицина борборунун, Жалпы дарыгерлик практика борборунун, Медико-социалдык эксперттик комиссиянын, Протездик-ортопедиялык буюмдар республикалык мекемесинин же стационардык социалдык мекеменин жолдомосу;

2. Паспорт;

3. МСЭК тарабынан берилген майыптык тууралуу маалымкаттын көчүрмөсү;

4. Флюорографиянын корутундусу, кандын жана зааранын жалпы анализинин жыйынтыктары;

5. Майыптыгы бар адамдын жекече реабилитация жана абилитация программасы (ИПР).

Борбордун бейтаптары палаталарга жайгаштырылып, күнүнө үч маал ысык тамак менен камсыздалат. Ошондой эле эс алуу жайларына, телевизорго, үстөл оюндарына, китепканага жана компьютердик класска жеткиликтүүлүк бар.

Борбордо жайгашуу мөөнөтү 10 күндөн 20 күнгө чейин. Протездөө менен реабилитация жүргүзүлгөн учурда протездик-ортопедиялык буюмдун татаалдыгына жана көнүү мезгилине жараша 15тен 35 жумушчу күнгө чейин болот.

I топтогу, алгачкы протездөөдө кошумча жардамга муктаж майыптыгы бар адамдар коштоочусу менен бирге жаткырылат. Коштоочуларга да керебет-орун жана тамак-аш каралат.

Алыскы аймактардан келген майыптыгы бар жарандарга чыгарылган учурда жылына бир жолу (таксиден тышкары) автоунаа транспорту менен жол кире чыгымынын бир тарапка каралган акчалай каражат төлөнөт.

Жыл башынан бери 855 жаран реабилитациядан өттү.

Маалымат үчүн байланыш телефону: 0707 95 22 44.

Последние новости