www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура шайлоо алдындагы үгүт иштери бар деп Адахан Мадумаровдун Москвадагы Кыргызстандык эмгек мигранттары менен жолугушуусунун видеосун БШКга жолдоду. Бирок прокуратуранын бул аракеттери абсолюттук түрдө мыйзамсыз.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча кандидаттарды каттоо 14-декабрда гана аяктайт. Бул мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуу жөнүндө БШКга арыз берген жаран мамлекет башчы кызматына расмий талапкер болуп саналбайт. Тиешелүүлүгүнө жараша, ар бир жаран, айрыкча – саясий партиянын лидери Адахан Мадумаров өзүнүн өлкөсүнүн жарандары менен жолугушуу укугуна ээ.

Башкы прокуратура өзү жазып жатат, “Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдарынын талаптарын көңүлгө алуу менен, буга ылайык шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн белгиленген тартибин сактоону контролдойт жана кетирилген бузууларды жоюу боюнча чараларды көрөт, үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында бул жарыялоо тиешелүүлүгү боюнча Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын кароосуна жөнөтүлгөн”. Бирок шайлоо алдындагы үгүт иштери 15-декабрда гана башталат! Ошондо мыйзам бузуу талапкерлерди куугунтуктоо менен башталабы.

Тактап айтканда, Садыр Жапаров атаандаштарын күч органдарынын колу менен жок кылууну баштаган тенденция түзүлүүдө. Ошол эле Башкы прокуратура Имамидин Ташовдун материалдары БШКга жөнөтүлгөндүгүн жазып жатат. Бирок кайрадан эле  ал Президенттикке талапкер болуп саналбайт жана үгүт иштери баштала элек. Прокуратура Садыр Жапаровдун көп сандаган чыгып сүйлөөлөрүнөн шайлоо алдындагы үгүт иштерин көрбөйт, анын жолугушууларына көз жумуп келет. Ал кайрадан өлкөнүн экс-лидерлеринин мурунку каталарын кайталоо менен тырмоону басып жатат.

Башкы прокуратура социалдык тармактарда Жапаровдун тарапташтары шефин колдобогондугу үчүн өлүм менен коркутуп-үркүтүп жаткандарын эмне үчүн көрбөйт? Жарандык контроль комитети өзүнүн кайрылуусун жасады: “Кыргыз Республикасы - бул эркин өлкө, ар бири сөз эркиндигине ээ жана өзүнүн пикирин билдирүүгө укуктуу. Бирок Кыргызстандын тарыхында айтылган пикирлерге карата мурда азыр Садыр Жапаровдун тарапташтыры жасап жаткандай, агрессиянын жана коркутуулардын мынчалык толкуну болгон эмес”.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров административдик ресурсту пайдаланып жатат – ал өзүнөн премьер-министрдин ыйгарым укуктарын алып салган жок, аларды токтотуп гана турат. Эми административдик ресурстан пайдаланууда – мамлекеттик резиденцияда жашайт, тактап айткканда, мамлекеттик трансортту, турак-жайды, телефонду, Интернетти ж.б. салык төлөөчүлөрдүн эсебинен колдонот. Айтмакчы, президенттин стандарты кайда? Бул элдин суроосу.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 21-беренесинин 3-пунктуна ылайык, “талапкер иштеген, кызмат өтөгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери жана органдардын тиешелүү кызмат адамдары талапкер арыз, рапорт менен кайрылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде, менчигинин түрүнө карабастан эмгек акысынын орточо өлчөмүн мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун токтотуп турууга милдеттүү”. Демек, ал эмгек акы дагы алабы?

Муну менен бирге, Жапаров өзү мамлекет башчынын м.а. ордун бир айдан ашык  мыйзамсыз ээлеген. Андан тышкары, ал шайлоого мыйзамсыз барууда. Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда өзгөртүп жаткан Конституцияга ылайык, “Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары... мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоодо Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз”. Ошондуктан ага БШКга эки жолу документ тапшырууга туура келди, анткени ал ыйгарым укуктарын алып салган жок, шайлоо алдындагы жарышты баштоого ушунчалык шашты.

10-октябрда “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Айнура Аскарованын алдыдагы парламенттик шайлоого катышары тууралуу суроосуна Жапаров: “Эгерде коомчулук талап кылса, мен шайлоого барбайм” деп айткан. Коомчулук талап кылды, бирок Садыр Жапаров эч кимди укпайт, айрыкча, атаандаштарын жок кылууга маскарачылыктын бардык алсыз жана ырайымсыз катышуучулары ага жардамдашууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости