www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Талибдер талак береби, же мууздайбы?..
- Ооганстандын азыркы саясый абалына баа берүү үчүн бир аз болсо дагы анын эч болбоду дегенде мурдагы тарыхына көз чаптырсак жакшы болот эле. Анан сиз берген суроого өзүнөн өзү жооп табылат. ХХ-кылымдын орто ченинде Ооганстанда мурда болуп көрбөгөндөй ырайымсыз ички жана тышкы конфликттер өзүнүн апогейине жетип калган. Анан жараткандан болуп, аларда модернизациянын бир аз жакшы жышааны башталды.
Анткени 1950-1960-жылдары алар цивилизациянын жолуна түшө баштагандай болгон. Ошол кездеги эки сверхдержава - АКШ менен СССРдин - ортосунда ырайымсыз "кансыз согуш" башталып кетип, Ооганстан бейтарап абалды ээлеп туруп калды. Бирок тиги экөөнүн катуу чеңгелинен биротоло чыга алган жок. Геосаясат деген ушул да!
СССР Ооганстанга согуштук курал-жарак менен машиналарды берди, АКШ болсо адатынча акча менен "көмө" баштады. Ушул учурда Ооганстан акырындап либералдык идеология менен батышчыл багытка оой баштаган. Мисалы, Кабулда демейдеги ылайдан жасалган үйлөр менен катар заманбап, кооз имараттар курула баштаган. Паранжа менен хиджабдар жоголо турган болуп калды.
Ооган кыз-келиндери университеттерде окуп, жүздөрүн ачып, маданий жана спорттук иш-чараларга катышып калган. Мындай сонун прогресс 1970-жылы тык токтоду. Анткени өлкөдө диний фундаменталисттер баштаган кандуу төңкөрүштөр жана ич-ара согуштар башталып кетти. Бул алааматты токтотуп калуунун ордуна АКШ менен СССР өздөрүнүн геосаясий оюндарын күчөтүп киришти. Аягында экөө тең шерменде болуп жеңилип, өлкөдөн куулуп чыкты.
Эми Талибан бийликте. Болгондо дагы экинчи жолу. Азыр Ооганстан дүйнөдөгү эң "ысык согуш аймагына" айланып турат. Ошондуктан биз, Кыргызстан, аталарыбыздан калган оор басырык менен аларга киришпей эле, же бизди ошол жакты көздөй түртмөлөгөн кээ бир сырткы күчтөргө баш ийбей, өз саясатыбызды жүргүзө беришибиз керек. Мен секулярдык билим саясатын карманган окумуштуу катары дүйнөнү билим берүү менен илимди өнүктүрүү гана сактап калат деген ишеничтемин. Кудайга ишенем. Ал менин жүрөгүмдө. Мага ошол эле жетет!
Булак: Азия News гезити