www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор Азияда биринчи жолу жаңы форматтагы эл аралык эксперттик конференция өтөт: Ооганстандагы кырдаал суроолорду жаратууда: Борбор Азия өлкөлөрүн эмне күтүп турат?

"Дин, укук жана саясат" көз карандысыз аналитикалык борбору Бишкекте “Ооганстандагы жаңы кырдаал: эмне кылуу керек? Борбор Азия чөлкөмүндөгү кырдаалды курчутпаш үчүн эмне кылбоо керек?” деген темада биринчи аймактык эл аралык эксперттик конференция өткөрөт.

Эл аралык эксперттик конференциянын ачылышында Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков, ШКУнун экс-катчысы, мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев катышып, сөз сүйлөйт.

Конференцияга Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Түркия, Германия, Франция менен Ирандын, ошондой эле, Ооганстан жана Индиянын, геосаясат менен Ооганстан боюнча алдыңкы эл аралык эксперттер, саясат таануучулар, талдоочулар жана адистер, мындан тышкары, Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиялардын жана элчиликтердин өкүлдөрү, ЕККУ жана БУУ эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү да катышат.

Эксперттик талкуунун жүрүшүндө Ооганстандагы кырдаал, башка өлкөлөр үчүн тобокелчиликтер, Борбор Азия өлкөлөрүнө карата тышкы долбоорлордун бар экендиги, чечимдерди издөө, көп кырдуу (ички жана тышкы) коркунучтарды азайтуу ыкмалары каралат.

Конференция 4-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы “Хаятт” мейманканасында саат 10:00дө башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости