www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иммунодефицит менен жашап жана онкологиялык же гематологиялык ооруларга кабылган жарандарда ковид бир нече айга созулуп, коронавирустун мутацияланышына шарт түзүлөт. Бул тууралуу брифинг учурунда Улуттук онкология жана гематология борборунун онкогематология бөлүмүнүн башчысы Шербет Жусупова билдирди.

Анын айтымында, онкологиялык оорулар менен жабыркагандарда короновирустук инфекция өнөкөткө айланып, бир нече айга чейин созулуп, айланасындагы жана үй-бүлө мүчөлөрүнө жугушуна алып келет. “Биздин байкообузда бул жылы жаш курактагы курч мүнөздөгү лейкоз менен кайрылгандар арасында ушул короновирустук инфекциядан кийин пайда болгон факттар көбөйүп жатат”, - дейт ал.

Жусупова онкологиялык, анын ичинде онкогематология, гематологиялык оорулар менен ооругандарды эмдөөнүн төмөндөгүдөй жалпы ыкмаларын белгиледи:

1. Рак менен ооруган бейтаптар COVID-19 оор өтүү коркунучуна кабылышат;

2. Рак менен ооруган бейтаптар учурдагы тобокелдик факторлорун эске алуу менен шишикке каршы дарылоонун кайсы стадиясы болсо да, эмдөөдөн өтүш керек;

3. Эмдөө учурунда ракка каршы дарылоону токтотууга болбойт.

Ошондой эле, дарыгер эмдөөнү оорунун оор түрдө өтүү тобокелдиги бар бейтаптар алуусу зарыл экенин белгилейт:

  • 65 жаштан жогору;
  • өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу барлар;
  • өнөкөт жүрөк жетишсиздиги;
  • өнөкөт бөйрөк оорусу;
  • кант диабети жана башка.

"Рак менен ооруган адамдар менен байланышта болгон медициналык кызматкерлер, инфекциянын жайылуу коркунучун азайтуу үчүн биринчи кезекте эмдөөдөн өтүш керек", - деди Жунусова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости