www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Кымбатчылык күн санап өсүп барат. Абалдын өзгөрүшүнөн үмүттөнсөк болобу?
- Бул кымбатчылык - былтыркы пандемиянын кесепети. Ал кезде баарыбызга эле башкача сезилип, өтө катуу болбоду беле. Ал күндөрдүн таасиринен али кутула албай келебиз.
Ошол тапта айыл чарбасы, фермердик чарбалар да өз убагында айдап-себүү иштерин жүргүзө албай калды. Бул көрүнүш дүйнө жүзү боюнча катталды. Анан да локдаун учурунда тамак-ашты запас кылып алуу башталды, тонналап ун алынды, май ж.б. азыктар, психологиялык жактан кыйналган эл стрессин тамак-аш менен басып жатты. Эми болсо ошол жетишсиз көлөмдө себилбей калган үрөндөр өтө чоң таасирин берип, азык-түлүктүн баалардын кескин көтөрүлүшүнө түздөн-түз себеп болду.
Ошондогу чакан ишканалардын банкротко кабылганынын баары таасирин тийгизбей койгон жок. Тонналап алынган азык-түлүктүн канчасы бузулуп да кетти. Бул көрүнүш канча бир убакытка чейин созулат. Качан гана жетиштүү көлөмдө өндүрүш калыбына келгенде баанын аздап турукташуусу башталат. Ага убакыт талап кылынат.
Биз ошол эле дыйкандарга, айыл чарбасында эмгектенген ишкерлерге шарт түзүп, чоң колдоо көрсөтүшүбүз шарт. Женилдетилген кредиттерди берип, дыйкандар тараптан өндүрүлгөн азыктарды жакшы баада сатууга жардамдашуубуз зарыл. Салык төлөөдө женилдиктер болуусу керек.
Булак: Азия News гезити