www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талапкерлерди каттоо тамамдап баратат, 27-октябрда дагы үч талапкер: Жээнбеков, Баатырбеков, Ражабалиев депутат болуу үчүн ат салышканга каттоодон өттү. Алмаз Баатырбековду «Кыргызстан» партиясында Шаки эркелетип, далысынан сылап вице-премьерге чейин көтөрмөлөгөн. Эми экөө тең парламенттик шайлоого аттанды. Баатырбеков электрэнергияны көздөгөнү менен Токтогул ГЭСинде суу азайып, ушул күнгө чейин азабын тартып келатабыз.
Учурунда 29 жашар министр Равшан Жээнбеков ата-энесинин көзү тирүү турса да Аскар Акаевди «ата», Майрам Акаеваны «апче» деп эркелеп жүрүп 400 мамлекеттик обьектти жакшы тааныштарына өз баасына эмес ит бекерге менчиктештирип, өзү да кур калган эмес. Ушундай булганыч жол менен башты айланткан байлыктарга тез эле жетишкен Жээнбеков Кыргызстандагы эң бай адамдардын бирине айланган. Бул тууралуу азыр нарда отурган экс-президент Алмазбек Атамбаев минтип айткан: «Жээнбеков –ууру. Мейли ал мени сотко берсин. Мен жооп берем. Аны жоопкерчиликке тартуу үчүн мөөнөтү өтүп кеткен», - деген.
Жээнбеков камакка алынып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 5-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалды. Сот Жээнбенков үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирди. Жээнбеков бир жолу бузганын мойнуна алып, бирок эскертүү менен чектелүүнү соттон суранган.
Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Атамбаевди кармоо операциясынын алкагында Кой-Ташта камалган. 2020-жылы күздөгү бийлик алмашуудан кийин үй камагына чыгарылган. Андан соң президенттик шайлоодо талапкер болгон. Атамбаев президент кезинде жаман сөздөрдү айтты деп өзүнүн кудасы Атамбаевге каршы иштерди жүргүзүп келген. Сооронбай Жээнбеков келгени кудасы Атамбаевге өтө качкан. «Өткөндү пистолет менен атсаң, келечек сени замбирек менен атат» деген кеп бар.
Атамбаевдин кудасы Алымбай Султановдун күйөө баласы Жээнбеков батышчылдарды колдоп көп эле ирет митинг өткөрүп жүрөт. Ага эл деле көнүп бараткандай. Убагында «кол ийрисине тартып», кайын атасы Султановдун канкудасы Атамбаев Конституцияны бузуп, республиканы бөлүп, Кой-Таш Элдик Республикасын түзгөндө Равшан Жээнбеков аны колдогон. Кыргыз Республикасын бөлүү Конституция боюнча да, абийир боюнча да туура эмес, Кылмыш-Жаза кодекси боюнча кылмыштуу иш. Мамлекетти бөлүнүшүнөн сактанып, ал кездеги ИИМ министри Кашкар Жунушалиев, УКМК жетекчиси Орозбек Опумбаевдин жетекчилиги менен эки штурм болгон.
Украинадагы ДНР менен ЛНР бир облустун аймагын ээлеп жатат, ал эми бир айылдын бурчун ээлеген Кой-Таш Элдик Республикасында Калашников автоматынан атылган ок «Альфа» офицери Үсөнбек Ниязбековду аркы дүйнөгө алып кеткен. Сот отурумунда Жээнбеков каза болгон Ниязбековдун апасына: “Сенин уулуң киши өлтүргүч болчу” деп кыйкырган. Равшан Жээнбековдун айткан сөзү Өктөм Мамаевага эле эмес, бардык адамдарга катуу тийди.
Мындай пикирди “Мээр жазы” коомдук уюмунун төрайымы Ыргалай Бекмуратова айткан, анын пикири мындай: “Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга катышкам. Маркум Үсөнбек Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаеваны колдоп баргам. Себеби, Мамаева дайыма жалгыз болуп калат, ал эне. “Мээр жазы” коомдук уюму энелерди, жалпы аялзатын колдоп келет. Мен ошондуктан барып, өзүмдүн пикиримди айтайын дегем. Бирок ошол соттун жүрүшүндө сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал жерге келген Кой-Таш окуясына тиешелүү адамдар, Атамбаевдин тарапташтары сүйлөтпөй койду.
Сот аяктап калганда, Мамаевага ар кандай туура эмес сөздөрдү айтып, баласын күнөөлүү деп атап, Атамбаевди жактап турушту. Аягында Равшан Жээнбеков Мамаевага катуу сөз айтты. Бул энеси Өктөм Мамаевага эле эмес, мага жана ошол жердеги бардык адамдарга катуу тийди. Баарыбызга белгилүү болгондой, Равшан Жээнбековдун пикири азыр жалпы коомчулукту дагы да нааразы кылууда. Буга сөзсүз укуктук баа берип, азыртадан мындай көрүнүштөргө чекит коюшсун”, - деген Бекмуратова.
Кой-Таш окуясында каза болгон Ниязбековдун апасына асылган Жээнбеков: “Сенин уулуң киши өлтүргүч болчу”, деп кыйкырган тасманы көптөгөн маалымат булактары чыгарды. «Энеси боздогон Өктөм айымды Равшан Жээнбеков, «сенин балаң киши өлтүргүч, унчукпай койсо эмне кыйкырасың?», - деп Атамбаевдин тарапташтары эжени сабап салайын деген. Эненин көз-жашы эч кимди соо койгон эмес. Ошол эле Равшан Жээнбековду дагы соо койбойт», - деген Ыргалай Бекмуратова.
Саясатчы Равшан Жээнбековдун мындай сөзүнө маркум Ниязбековдун апасы Мамаева төмөнкүчө жооп берди: “Мен сот отурумунда да чындыкты айттым. Алар бийликти басып алууга даярданган. Ошондо коопсуздук комитети барган. Менин балам ал жерге жеке кызыкчылыгы үчүн барды беле? Уюштуруучулар “Кой-Таш республикасы” деп жарыялашты. Атамбаев ок атпай койсо болот беле? Сырттан душман келсе да түшүнөт элем, кесиби ушу да деп. Ички душман, мамлекеттик чыккынчы, мамлекеттин ичинде мамлекет болуп жатса, аны сабатсыз саясатчылар жандап жүргөнү үчүн 2 ай дүркүрөп турушту го.
"Президенттикке талапкер болуп 0,5% добуш алдың, жок дегенде 1%га жетсең укмуш болмок экенсиң", - дедим. Мыйзамсыз мен ага эч нерсе деген эмесмин. Террордук маанайдагы акт элге коркунуч келтирген топтор, көрүнбөгөн ички душмандар үчүн коопсуздук комитети күрөшөт да дегенмин. Атамбаевдин тарапташтары Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетсе эле түрмөдөн бошонушат деген ойдо жүрдү. Жээнбековдун эки жүздүү саясатчы экени баарыбызга белгилүү. Ушундай адамдардын айынан, 6 баласы артында калып, каза болгон уулума ичим ачышат, жүрөгүм сыздайт. Буларчы, эмне кылды? Буканы ар кимге союп берип, буканын этине тоюп кутурушту.
Бандиттерди топтоп, алар мас турганын көрүп турдум. Интернеттен прокурорлордун жазгандарын, алардын сөздөрүн окудум. Эми Атамбаевди атайлап эле “ооруду” деп, сотко келтиришпей жатат. Эмнеге кечиктирип жатышат, түшүнүксүз. Булар дагы бир кооптуу нерсени күтүп жатат. Бул саткындарга менин башыма түшкөн иш, өздөрүнүн башына келгенде түшүнүшөт. Мен уулумдан айрылып отурам, абалымды түшүнбөсө Кудайга койдум, башка айлам жок”, - деген Өктөм Мамаева.
Жээнбековдун байлыгын санабай койо туралы, анын карындашы судья Жээнбекова Мирага тиешелүү 74 элиталык үй, 19 соода, коммерция жасай турган зор жайы, 10дон ашык машина коючу жай, көптөгөн «Золотой квадраттагыдай» кымбат баалуу жер участоктору бар. Ал эми Жээнбеков болсо Кошмо штаттарынын Аризона штатында хансарай сатып алып, ширеңке сатып алгандай күпүлдөгөн, анын олку-солку саясаты Батыш менен чырмалышкан.
Ошондуктан ал дайыма ностальгияга батып, аны ушул байлыкка жеткизген апчеси Майрам Акаева менен Батышты дайыма эсине түшүрүп, буларга көп кайрылат. Айрыкча Батыштын буюртмасы менен «Манас» авиабазасы тууралуу көп эскерет. Негизи, Равшан Жээнбековдун колунан кантип келсин, Батыштын шамалы менен Кыргызстанда дайыма чыр болуп, бийлик алмашып турушун каалайт. Керек болсо ал кудасы Алмазбек Атамбаевди да аяган жок. «Чу» дегенде эле Жээнбековдун жүрөгүн ээлеп алган жары чүрөктөрдүн чүрөгү, көлөкө жерде өсүп чоңойгон жубайы Салкынай Алимбаева экс-депутат Алымбай Султановдун кызы.
Алымбай Султанов казино, карта ойногон кумарчы болгону менен, «чоңдор» менен кудалашканды жакшы көрөт. Ал Семетей деген уулуна Атамбаевдин Динара деген кызын алып берип, Атамбаевке күйөө бала кылган. Атамбаевдин убагында май-талкан, баңгизатты көзөмөлдөгөн орган генерал Султановдун колунда болгон.
Жээнбековду эң алгач президент Аскар Акаев Ак үйгө алып келген, аны президенттин жардамчысы катары дайындап. Ал мезгилде Акаев тышкы иштер менен алек болуп, жардамчылары Кыргызстандын ичин өзү билип калган. Равшан Жээнбеков жаштык жалынына салып, Акаевдин көңүлүнө тез эле жакты. Аны чагылгандай тездик менен көтөрүп, президенттик аппараттын иш башкармачылыгынын төрагысынын биринчи орун басары кызматына дайындаган.
Экинчиден, Акаевге жакканы - жубайы Майрам Акаеванын инилеринен. 2001-жылы Мамлекеттик мүлк комитетинин төрагалыгына дайындайт. Бир заматта Жээнбеков мамлекеттик 400 обьектти арзан баада сатып, өзү да байлыкка туйтунуп чыга келди. Акаев голография боюнча дүйнөлүк окумуштуу болгону менен Жээнбековдун келечегин көрө алган эмес. Анткени Акаевдин башына кара туман айланаар менен өзү көтөрүп келген Равшан Жээнбеков эң биринчи каршы адамына айланган. 2005-жылы Акаевди сатып, Таластан туу көтөрүп чыгып, бийлик үчүн, байлык үчүн Акаевдин кетишине чоң салым кошту.
Курманбек Бакиев аны тим койгон жок, Малайзиядагы элчиликке койду. Жээнбеков АКШдагы Түндүк Америка Евразиялык Университетинин департаментинин директору болду. Равшан Жээнбеков андан кийин алыскы мамлекетке элчи койгон Бакиевди да сатты, оппозицияга өтүп, ага ор казып, 2010-жылы бийликтин алмашуусу үчүн күрөштү. 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев менен биригип, парламенттик шайлоодо жеңилүү ызасын тартса да, баары бир депутат болуп келди. Убакыт өтпөй Текебаевдин «Ата-Мекенине» каршы чыгып, аны да сатты.
Равшан Жээнбековду АКШ колдогондуктан, ал ЛГБТ дегенде уктап жаткан уйкусунан ойгонот. Бул тууралуу өзүнчө маалымат болсун. Жээнбековдун кандай иш жүргүзүп жатканы боюнча Орусиянын ФСБсы маалымат берген. Ал айланып келип АКШны карай берип, алар уюштурган митингдин башында жүрөт, өзүн батышчыл эсептеген Жээнбеков кыргыз элинин каада-салтынан батыштын салттарынын башында турат. Аны кайрадан жарыкчылык караңгылык сыз жерден алып келээр менен АКШнын долларбайына жамынат. Талдап көргөн адамга «Жакшылыкка жамандык» кылып жаткан кербези.
Жээнбеков Мүлк фондун башкарганда, саясат жагынан Бабанов «чүкө ойноп жүргө»н бала болчу. Балким, ал деле Айдар Акаев менен бизнестин битин сыгып, тиешелүү адамдарга рейдерлик кылып жүргөндүр? Илимдин доктору Аскар Акаев «Экономика физиктин көзү менен» деген эмгек жазган. Чындыгында, «физиктин көз карашы» боюнча Кыргызстанды Аскар Акаевдин жердештери тейлеп, «коммунизмден» «кеминизмди» көздөй баратканбыз. «Физиктин көз карашы» боюнча экинчи чоң топ жубайы Майрам Акаеванын классташтары, ага-инилеринен түзүлгөн топ элди мүлжүгөн.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg