www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда өз кызыкчылыгын коргобогон кыргыз элине күн-түндү билбей кызмат кыла турган эл уулу керек. «Кыргыздар, кызмат кылып берем» деген уул-кыздарыбызды падыша, ажо деп жасакерленбей эле «элдин кулу» («слуга народа») деп атасак да жарашат! Мүмкүн ошондо элге кызмат кылып берүүгө чыныгы азаматтарыбыз баш көтөрүшөт беле? Бул сунуш боюнча коомдук ишмер Каныбек Осмоналиевге суроо узаттык.
- Өзү ошондой эле болуу керек. Биз, кыргыздар жасакерлик кылып эле көкөлөтуп жиберип, көптүрүп коюп жатпайбызбы! Анан тиги байкушту таш менен уруп кубалап жүрөбүз. Азыркы заманда президент деген кулдай иштеп, элдин жүгүн аркалаш керек. Ансыз деле өлкөбүздү мурдагы президент болумуштар биротоло талкалап, талап-тоноп жеп кетишти!
Бирок, жогорудагы терминге кайрылсак, мен «элдин кулу» деген түшүнүктү түз кабыл ала албайм. Мааниси боюнча ошондойдур. Ооба, карапайым эл үчүн кулдай иштеп, демек, күнү-түнү эмгектенип дегендей кабыл алсак болот. Ошентсе дагы ар бир кызматтын элге жуга турган аталышы бар эмеспи. Элдин лидерин «президент» деп эле атай берели.
Анан калса, кээ бир жагымпоздорду туурап «ажо» же «падыша» дегенибиз дагы осолдук. XXI кылымда андан аталыштар орунсуз. Кошуна элдер катары эле жашайлычы. Башка маселе - жаңы шайланган президентибиз адилет эмгектенип, өзүнүн элине ак кызмат кылып берсе болгону!
Булак: Азия News гезити