www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Кубанычбек Жумалиев кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев андай-мындай эле деп ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиев боюнча шоу кылып жатканда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бир эле чеңгел менен кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизип койду. Жумалиевдин атайын кызмат тарабынан кармалганын ишенимдүү булактарына таянып жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Азырынча эл өкүлүнө кандай айып коюлуп жатканы белгисиз.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев менен анын жакындарына карата сотко чейинки териштирүү башталганын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз борбору маалымдаган эле. Ага Финансы полициясына германиялык инвестордун ири суммадагы акчага байланыштуу алдамчылык фактысы тууралуу арызы келип түшкөнү себеп болгон.

Арызда депутат менен анын туугандары чет элдик инвестордун ишенимине кирип 1 миллион АКШ долларына бааланган жабдууну алып, 200 миң долларын эле төлөп берип, калган 800 миң долларды бербей койгону жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости