www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Новиков Кайрат Иманалиевди жамаатына тааныштырды

Вице-премьер-министр Артем Новиков борбордук аппараттын жамаатына жаңы дайындалган Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевди тааныштырды.

Артем Новиков белгилегендей, министрлик алдында ишмердүүлүктүн маанилүү багыттары турат. 

--«Коронавирус инфекциясынын пандемиясына карабастан, биз театрлардын, кинотеатрлардын, спорттук мекемелердин, айрым маданий объектилердин ишин жандандыра алдык. Үстүбүздөгү жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюну, Олимпиадалык оюндар сыяктуу бир катар маанилүү иш-чаралар пландаштырылган, аларга карата сапаттуу даярдык иштерин өткөрүү зарыл. Биз маданий өнүгүү, өсүп келе жаткан муундун рухий жан дүйнөсүн байытуу жана нравалык тарбия берүү маселесине өзгөчө басым жасашыбыз зарыл. Сиздерге маалым болгондой, өлкө башчысы тарабынан «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» алгачкы Жарлыгына кол коюлган. Буга байланыштуу сиздердин министрликке өзгөчө милдет жүктөлөт жана тез арада Президент жана Премьер-министр тарабынан айтылган тапшырмаларды ишке ашырууга багыт алууну өтүнөм», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости