www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мен жаңы Кодекстин зыян кыла турган жагын көргөн жокмун», - деди бүгүн, 20-январда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, ишке кирген жаңы Салык Кодексине президент кол койду. Ал кодекстин зыяны аз, пайдасы көп болот деп ишенсек болобу?

- Бул Салык Кодексинин салык төлөөчүлөрдүн пайдасына чечилүүгө өбөлгө түзгөн базалык бир жобосу мага жакты. Мындан ары салыктын 2 түрү гана каралат экен: жалпы салык режими жана атайын салык режими.

Жалпы салык режиминде мындай негизги салыктар каралат - кирешеге болгон салык, сатууга болгон салык, каттоо босогосу жок эле кошумча нарк салыгы (НДС). Мындайча айтканда, ушул режимге киришкен баардык салык төлөөчүлөр НДСти төлөшөт.

Бул биздин экспортёрлор үчүн ыңгайлуу болоору көрүнүп турат. Алар НДС катары алынган материалдфк ресурстарды каттай алышат. Бул дурус. Буга 30 млн. сомдук кирешеси бар ири субъектер кирет. Экинчи - атайын салык режими.

Булар: патенттин негизиндеги салык, Бирдиктүү салыкка негизделген жөнөкөйлөтүлгөн салык системасы, эркин экономикалык режим салыгы, Жогорку технологиялар паркы режиминдеги салык, майнинг салыгы, электрондук коммерция сферасындагы ишмердүүлүккө болгон салык.

Жөнөкөйлөтүлгөн салык режимине кирген чакан жана орто ишкердик субъекттери эми 3 - кирешеге болгон салык, сатууга болгон салык жана НДСтин ордуларына бир эле бирдиктүү салыкты төлөшөт. Муну ишкерлер көп убакыттан бери эле какшап айтып келишкен болчу. үй уруучулар үчүн сатуу салыгы 4%дан 2%га азайды. Мындай жеңилдиктер өтө эле көп. Мен жаңы Кодекстин зыян кыла турган жагын азырынча көрбөдүм. Дагы изилдейбиз го…

Булак: NazarNews.kg

Последние новости