www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский видеокайрылуу жасап, Орусиянын ыктымал кол салуу коркунучуна байланыштуу элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырды. Кайрылуунун тексттин РИА Новости жарыялады.

Ал өз кайрылуусунда мындай окуя болбойт деп ишенерин так айтты.

“Бардык жарандарыбыз, өзгөчө кары-картаңдар муну жакшы түшүнүшү керек. Дүрбөлөңгө түшүп, гречка, ширеңке сатып алуу үчүн чуркабагыла. Эмне кылуу керек? Бир гана нерсе тынчтыкты сактап, өзүңөргө жана армиябызга ишенгиле”, - деди Зеленский.

Ошондой эле Зеленский Орусиянын “аскерий чабуулу” 2014-жылы эле башталганын, масштабдуу согуш коркунучу “бир күндө эле” пайда болбогонун кошумчалады.

Бул ортодо Зеленскийдин кайрылуусу орус армиясы Украинанын позицияларына кеңири масштабдагы чабуулун даярдашы мүмкүн деген билдирүүлөрдүн фонунда жасалды. Мындай маалыматтарды Батыштын дипломатиялык жана чалгын булактары кабарлап жатат.

Өз кезегинде Кремл согушка даярдыктарды кескин четке кагып, бирок жаңжал болуп жаткан аймакка аскерлерин топтоону өзүнүн мыйзамдуу укугу деп атап келет.

Эске салсак, кечээ, 19-январда Киевде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусу өттү. Мамкатчы анда эгер Орусия Украинага кол салса, АКШ жана анын Батыштагы өнөктөштөрү ага катуу жооп кыларын маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости