www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Үгүт иштери эми кызуусуна киргендей. Кандай өзгөчөлүктөрдү байкап жатасыз?

- Ооба, шайлоо алдындагы үгүт иштери өзүнүн апогейине жетти. Аны менен кошо эле талапкерлердин мыйзам бузуу аракеттери дагы катуу күчөдү. Менин байкоомдо, мурда депутат болуп кынык алган эргулдар мыйзам бузуу жагынан көч башында турушат. Бирөөсү акча тараттырып жатып колго түштү, шайлоодон четтетилди.

Туура болду. Дагы бирөөсүнүн дипломунун мыйзамдуулугу жөнүндө ар кыл пикирлер айтылып жатат. Ал дагы бычактын мизи менен баса баштады. Партияларга келе турган болсок: алгачкы кңндөрү калп эле таза шайлоо өнөктүгүн уюштуруп кирген болумуштары менен акыркы жумадан баштап, шайлоочуларды өзүнө имерүү максаттарында бардык мыйзамсыз аракеттерди көрө башташты.

БШК адатынча эле эл көрсүн кылып, бир-экөөнү жазаламыш болуп, негизинен оппозициялык маанайдагы партияларга гана асылып туруп алды. Калган партиялар билген намазын окуп жатышат.

Менимче, шайлоодон кийин дароо эле соттошуулар башталат. Өзгөчөлүк аралаш добуш берүү ыкмасы болуп эсептелет. Анын натыйжасы кандай болорун 29-ноябрда сезебиз. Мени ынандырган нерсе - президенттин ачык-айрым жасаган мамилеси болуп жатат.

Менимче, ал кишиге таянып алып талтаңдаган партиялар жокко эсе. Бир мандаттуу окуругдарга аттанган кээ бир талапкерлер президенттин атын сатып, элди дүрбөтүп жүрүшөт. Бир гана тилегим - ушул шайлоо тынч өтүп, жаңы депутаттар келишип, иштерин мыйзам чегинде башташса жакшы болот эле. Эл шайлоолордон чарчады жана тажады. Качан жаратмандык жолго түшөбүз? Мен ушул жагдайды гана күнүн-түнү Кудайдан тилеп күтүп отурам!

Булак: Азия News гезити

Последние новости