www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоочуларды сатып алуу фактысы аныкталганын Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы 25-ноябрда билдирди.
Милицияга борбор калаанын тургуну Нурлан [аты өзгөртүлдү] Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бирин колдоп шайлоочуларды сатып алуу менен активдүү алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты Жазык кодексинин 192-беренеси («Шайлоочуларды сатып алуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө талапкерге жана партияга үгүт иштерин жүргүзүп жаткан А.А. М.Н. аттуу жаранга 10 миң сом бергени аныкталды. М.Н. аны 10 шайлоочуга бөлүп бериши керек болчу.
Тергөөчүлөргө акча жана үгүт материалдары өз ыктыяры менен өткөрүлүп берилген жана А.А. менен М.Н. шектүү болгону тууралуу билдирме алган.
Булак: NazarNews.kg