www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кумтөр Голд Компаниде" алтын ылгоочу фабриканы модернизациялоо долбоору ишке киргизилди. Бул тууралуу маалымат компаниянын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, аталган фабрика 1996-жылдан бери иштеп келет. Андан бери компания "жабдууларды сактоо жана алардын пландык ремонту менен гана алектенген".

"Адистер алтын ылгоочу фабрикада боло турган өзгөрүүлөрдү мини технологиялык төңкөрүш деп атап жатышат… Жакында ишканада технологиялык процесске жумушчулардан тышкары жасалма акыл да көзөмөл жүргүзө баштайт. Акыркы программалык камсыздоо оператордун иш-аракеттерине түзөтүү киргизүү керек болсо айтып көрсөтүп турат. Тарыхый маалыматтарды изилдөөнүн негизинде, программа фабриканын мыкты көрсөткүчтөрүн аныктайт, андан кийин бул маалымат өндүрүштүк циклдин ар бир тилкесинде алтын чыгарууну жогорулатуу максатында колдонулат. Жыйынтыгында алтынды рудадан ылгап алуу пайызы кыйла жогорулайт", — деп жазылган билдирүүдө.

"Кумтөр Голд Компани" модернизациялоонун максаты жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетишүүдөн тышкары айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтуу экенин да белгилөөдө.

"Компания ошондой эле жумушчулардын өнүгүүсүн каржылайт. Алтын ылгоочу фабриканын бир нече адистер тобу адистиктерин жогорулатуу курстарын Казахстанда өтүп келишти, жакында Москвага барышат", — деп жазылган билдирүүдө.

Канадалык "Центерра" компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү быйыл май айында өз карамагына алган.

"Центерра" кен Кыргызстанга өткөндөн кийин алтын казуу азайып кеткенин 5-ноябрда билдирип чыккан. "Кумтөр Голд" компаниясын кыргыз өкмөтүнүн атынан башкарып жаткан жетекчилик муну төгүндөгөнү менен канча алтын өндүрүлгөнүн коомчулукка расмий жана толук жарыялай элек.

22-сентябрда азыркы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Азаттыкка” “Кумтөр Голдду” башкарууну кыргыз тарап өз колуна алгандан берки төрт ай ичинде 4,1 тонна алтын өндүргөнүн, өлкө 62 миллион доллардай киреше алганын айтып берген. Ал эми 25-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөрдөн Кыргызстан 90 миллион доллар тапканын жарыялаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөргө барып, алтын кениндеги иштердин жүрүшү менен таанышканын өкмөттүн басма сөз кызматы 13-ноябрда билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости