www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Бир адам баарына жооптуу болсун деген талапка жараша Конституциянын жаңы долбоору түзүлдү”, - деди бүгүн, 9-мартта NazarNews маалымат агенттигине премьер-министрдин кеңешчиси, профессор Каныбек Осмоналиев.
-- Каныбек агай, парламент тарасын деген активисттер уюштурган митингде Жеңиш Молдокматов Садыр Жапаровду бийликти узурпациялап алганын айтты. Ал турсун президентти сотко бергени жатыптыр. Жаңы конституцияда бийликтин баарына президент гана ээлик кыла турган болуп жазылып калдыбы?
-- Азыр жаңы бийликтин конструкциясын түзүү абдан оор кырдаалда өтүп жатат. Ал түшүнүктүү эле. Анткени бийликтин расмий бутактарын мурдагы бийликтегилер эч кандай мыйзамсыз эле энчилеп алышкан. Эч нерсеге жооп беришкен эмес. Ошондой эле күнөөнү өкмөт башчыларына түртө салышып, өздөрү суудан кургак чыгып келишкен. Былтыр күздө эл ушундай көз боёмоочулукка чек коюлуп, бир адам-президент баарына жооптуу болсун деген талап коюлду. Ошого жараша Конституциянын жаңы долбоору түзүлдү. Бул жерде эч кандай бийликти узурпация кылуу, бийликтин баарына ээлик кылуу аракеттери жок.
-- Садыр Жапаров берген убадаларын аткарган жок деген дооматтар жөндүү элеби же бул бийликтин шаштысын кетиргендер көп болуп жатабы?
-- Андай дооматтарды бир аз убакыттан кийин айтсак болмок. Бийлик структурасы эми гана түзүлө баштады го. Кичине чыдамдуу бололу да!
Булак: NazarNews.kg