www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өндүрүшкө өнөктөш бол мамлекет Баарыбызга маалым болгондой Ковид-19 пандемиясы пайда болгондон бери дүйнөдө экономикалык каатчылык көйгөйү башталды. Чек аралардагы туруксуздук - логистикалык кыймылды аксатты. Кыргыз өндүрүшчүлөрү продукцияларын экспорттоодо кыйынчылыкка дуушар болду. Мисалга алсак Кытайга экспорт кылуу чектөөгө учурап Нарындагы Торугарт чек арасынан Кыргызстан тарап өз товарларын Кытайга чыгара албай түйшүкө кабылып жатат. Казакстан аркылуу экспорттогонго аракет кылынганда транспорттук акы эселеп кымбат болууда. Анткени жүк ташуучулар Казакстанга киргенден чыкканга чейин ашыкча чыгымга туш болуп мүшкүлү артууда. Андан сырткары казак-кытай чек арасында жүк ташыгандар Кытайга өтө албай айлап кезекте күтүп жатышат. Ушуга окшогон көйгөйлөрдүн айынан экспорт кылуу оор болуп калды.
Эгерде Нарын-Торугарт чек ара жолу ачылганда экспорт көлөмү артып ишканаларда көптөгөн иш орду түзүлмөк, бюджетке эселеп салык төлөнүп турмак. Нарын-Торугарт чек арасынын тез арада ачылуусу экономикабызга эбегейсиз салым кошор эле. Ошондой эле Өзбекстан тараптан ээн-эркин 12% КНС гана төлөнүп өзбек товарлары кирүүдө. Контрабанда аркылуу келгендер жок эмес.
Ал эми биз ал жакка экспорт кылалы десек КНС жана аксиз үчүн орточо эсеп менен 40%`дан жогору төлөмгө дуушар болот экенбиз. Же алар Кыргызстан менен бирдей шартта ашыкча төлөмдөрдү жоюшу керек же биз Өзбекстандыкындай төлөмдөрдү кошумчалап ал жактан келген товарларды чектешибиз керек. Эки өлкө арасындагы соода адилеттүүлүгү орнолушу абзел. Болбосо Өзбекстанга экспорт кыла албайбыз. Алар Кыргызстан базарын басып алышты. Мисалга алсак өзгөчө түштүк аймагында кондитердик жана башка өзбек товарлары басып алганын көрсө болот.
Биздин өндүрүшчү ишкерлер өз өлкөсүндө жергиликтүү товарларын сатууда кыйналышууда. Андан сырткары контрабанда менен иштегендерди аныктап токтотуу эн башкы маселе болуш керек. Таза иштеген ишкерлерге чон тоскоол болууда контрабанда, бюджет дагы булардын айынан залака көрүүдө. Россия, Казакстан, Украинадан дагы мөөнөтү өтүп кеткен товарларды алып келип башка этикетка чапталып арзан баада сатылып жатат. Көзөмөл органдары катуу чара көрбөсө болбойт.
Жазаландыруу ыкмасын жана акчалай жаза берүү өлчөмүн күчтөндүрүү зарыл, өзгөчө базарлар дыккаттуу көзөмөлгө алынбаса мындай терс жагдайлар улана берет. Өндүрүшчүлөрдүн дагы бир көйгөйү экспорт кылынган товардын КНС`ин кайтарып ала албаганында. Биздин мыйзамда 50%`дан жогору экспорт кылынса гана КНС кайтарылат экен. Кайтарылары дагы гарантия эмес.
Дүйнөлүк практикада экспортко чыккан арбир товардын КНС`и өндүрүшчүгө экспорт болору менен кайтарылып берилет. Ошондой эле эгер товардын наркын накталай алганда сатуудан салык өндүрүшчүлөргө 2%, алып саткан коммерцанттарга 1% болгону акылга сыйбас мыйзам деп эсептейбиз. Базарда патент менен ишетегендер банк аркылуу иштебегендери да болгондуктан өндүрүшчүлөрдөн алган товар наркын накталай төлөшөт, ошол учурда өндүрүшчүлөр кошумча 2% сатуудан салык төлөп жатышат.
Дүйнөдө өз өндүрүшчүлөрүн ар тараптан колдошот. Мисалы маркеттерде жергиликтүү товарларды маркеттер сатууга мажбур жана текчелерине, витриналарга жергиликтүү товарлар акысыз коюлат. Жыйынтыктап айтканда жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү мамлекет колдоп турса экономикабыз тез арада өсөрү анык. Бизде тескерисинче экспорт кылгандарды тыгыз текшерүүгө алышууда. Жогорудагы айтылган көйгөйлөрдүн кыска убакытта чечилерине терең ишенебиз.
Керимов Эркинбек, эксперт
Булак: NazarNews.kg