www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги экс-депутат, профессор Каныбек Осмоналиев менен шайлоодогу талаштуу жагдай боюнча пикир алыштык.
-Каныбек агай, бардык ишке калыс караган адамсыз. Адахан Мадумаровдун Турсунбай Бакир уулун алдап, тизмеге киргизбей койгону коомчулукта катуу талкууга алынып, мыйзамсыз экени айтылууда. Бул боюнча кандай ойдосуз?
- Кыргызстандын жаңы тарыхындагы топ жарып чыккан, таза жүрүшкөн эки саясий ишмерлердин минтип пикирлери келишпей калганы мен үчүн күтүүсүздүк болду. Баягы акча менен гана алектенип, ар качандан бир качан депутат болуп көнүп алган куу тумшуктардын табалаарын кандырбай эки иним өз ара сүйлөшүп бул болбогон маселени чечишип алгыла дээр элем. Силердин араздашууңардан карапайым эл гана утулат.
-“Кыргызстан” партиясын шайлоодон четтетип БШК туура чечим чыгардыбы?
-БШКнын ишмердүүлүгүнө бүгүн бүт кыргызстандыктар жарданып карап турушат. Бул түшүнүктүү. Анткени, бул жолку парламенттик шайлоо мурда болуп көрбөгөндөй зор мааниге ээ болуп турат. Бирок, БШК алгачкы эле маанилүү иш-чарасында чалкасынан кетти! Таң каласың! Президент санариптик техниканын маанисин тынбай айтып келет. Эң алдыда болуп ал техниканы өздөштүрүүгө милдеттүү болгон БШК XIII -кылымдагы ыкма менен бир бүдөмүк дептерге жазып, партиялардын документтерин кабыл алып отурат. Бул эмне? Шалаакылыкпы, жоопкерсиздикпи? Балким саботаждыр? Ким билет. Менимче, "Кыргызстан" партиясы ошол жоопкерсиздиктин эле курмандыгы болуп жатат. Эгерде партиянын кечиккенин кашкайтып далилдей алышса бир жөн эле. Алар ошол "эшек дептерин" улам-улам оңдоп жүрүшкөнүн журналисттер көзгө сайып көрсөтүп коюшкандан кийин, эми ошол партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө шылтоо кылышып чечим чыгарып коюшту. Шайлоонун башталышын ушинтип отурушса, мен анын аягында баары тегиз мыйзамдуу болооруна түк эле ишенбей отурам! "Кыргызстан" партиясын сот колдоду. Алар шайлоого катышууга укук алышты. Бирок, БШК жогорку инстанцияга кайрылаарын айтты. Негизи соттун чечиминен кийин БШКнын жоопкерчилиги катуу каралышы керек эле!
Булак: NazarNews.kg