www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги экс-депутат, профессор, калыстыкты туу туткан Каныбек Осмоналиев менен өздөрү оюндан чыкса да, балдарын депутаттыкка сүрөгөн көрүнүш боюнча баарлаштык.

-Каныбек агай, неге мандатты да атадан балага мурас кылган адат пайда болду? Атасы саясатта жүргөндөрдүн сөзсүз балдары да саясатка аралашышы керек же депутат болуш керек деген жазылбаган мыйзам барбы?

-1995-жылы Жогорку Кеңештин 1-чакырылышы өз ишин баштап, Регламентин бекитип, ошол кездеги депутаттар өз көмөчтөрүнө күл тартышып, парламентке, башкача айтканда өзүлөрүнө эбегейсиз артыкчылыктарды ыйгарып алышканда эле кара-таман элдин шору каткан экен, да! Айтайын дегеним, ЖКны өтө майлуу жана кирешелүү фирмага айлантып алышкан. Ошол кездеги "жапайы прихватизациянын" негизги оюнчулары дагы негизинен, ошол кездеги депутаттар эмес беле?! Ошондуктан алар өздөрүн коргоо үчүн кол тийбестик макамдарын катуу бекемдеп алышкан. Маянаны бийик көтөрүшкөн, адамдын түшүнө кирбеген артыкчылыктарга ээ болушкан. Ошондон баштап, кыргыз парламенти өзүнүн вазийпасын шарттуу түрдө эле аткарып, өзүнчө эле бир "кастага" айланып кетти. Азыркы чакырылыштын бир "азамат депутаты", "биз элитабыз" деген сөздү жөн жеринен айткан жок да? Демек, бүгүнкү Кыргызстандын эң жанга жагымдуу жери курорттор же санаторийлер эмес дал ушул ЖК болуп калды. Бирок, ар нерсенин чеги болуш керек. Аны эстебей кээ бир дурус эле адамдар делингендер деле эми уул-кыздарын парламентке түртө башташыптыр. Кээ бирлери быйыл эле эмес, 2010-жылдан бери эле ошондой "ишмердикти" "ийгиликтүү өздөштүрүп" алышкан. Бул бери эле дегенде абийирсиздик же уят эле иш. Баланы баарыбыз жандай көрөбүз. Бирок, ар бир бала өзүнүн колунан келген иш менен шугулданганы туура. Мен албетте, түшүнөм, эгер бала өз мезгилинен озуп, мамлекеттик деңгээлде башы көрүнүп, элден суурулуп чыкса. Бирок, мен 30 жылдан бери депутаттардын андай балдарын көрө элекмин! Эми ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу. Туура. Бирок, менимче, көбү өз балдарын жана мен жогоруда айткан "жыргал жашоого" эгедер кылууга эле аптыгып жатышат. Муну мен ачык эле айтам. Жазылбаган мыйзам ошол. Мындай осол иш ар бир экс-депутаттын өздүк абийирине тиешелүү болуп калат.

-Эгер бул темп менен кете берсек бийлик деле, кызмат деле бир ууч топ саясатчынын колунда эле болуп калабы?

-Азыр ошондой эле болуп калды. Шайлоонун алдында жана андан кийин бул тенденция катуу күчөйт. Азыр "ач отурсаң дагы тынч отур"- деген заман келди! 

-Депутаттык мандатты менчиктештирүүнүн кесепети мамлекетке тийип калбайбы?

-Депутаттын мандаты менчиктештирүүнүн өзү жакшы көрүнүш эмес. Учурдагы саясий-экономикалык системабыздын биротоло чирип бүтүп калгандыгынын белгиси. Эмне кылуу керек? Жаңы парламент кандай адамдардан куралаары дагы белгилүү болуп калды. Алар ЖКга келген күндө деле ашыкча "балласт" болуп, колго - бутка илешишип эле жүрүп  калышат! Демек, бийлик демилгени колго тезинен алып, өлкөнүн бүткүл прогрессивдүү күчтөрүнүн башын бириктирип, системалык өзгөрүүлөргө баш урбаса болбой калды. Чукул реформаларга баруусу учурдун катуу талабы болуп турат! Депутаттык мандатты менчиктештирүү иши эч бир жакшылыкка алып келбейт. Аягы аянычтуу болуп калбаса экен! Мен ушинтип күйдүрүп айтып эле көнүп калгамын. Коомго эч кандай зыяным жок! Баарыбыз аман бололу!

-Баса, сиз да балдарыңызды саясатка аралаштырууга же ата кесиби ардактуу деп өзүңүз баскан жолду бастырууга аракет кылгансызбы?

-Мен саясатка айласыздан, 46 жашымда, жеке менчик университетимди "галстукчан бандиттерге" тарттырып жибергенде келгемин. ЖКда бир чакырылыш эле иштедим. Мен балдарыма ар дайым айтам: "Өзүңөр каалаган кесипти аркалагыла. Алектенген ишиң пайда гана алып келбестен, өзүңүн жаныңа рахат дагы бериши керек!"-деп. Ошондонбу же кандай билбеймин, бири дагы саясатка баш урган жок. Байкашымча баары эле өз кесиптерине ыраазы. Тескерисинче мени саясаттан алыстатууга аракет кылып жүрүшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости