www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Каныбек Осмоналиевди кепке тартып, саясаттагы табышмактуу жагдайлар боюнча баарлаштык.

-Каныбек мырза, мындан ары Садыр Жапаровдун иштешине шарт түзүлөбү же эки жүздүү депутаттар дагы оюндарды баштайбы?

-Мен бул ЖКга түк да ишенбейм. Алар эртең эле сасык оюндарды башташат деп турам. Алар ЖКнын көпчүлүк коалициясын таркатып жиберип туруп, Садыр мырзаны командасы менен отставкага кетирип коюлары мүмкүн. Анда эл дагы көтөрүлөт. Депутаттардын бир эле максаты бар. Ар кандай жол менен кайрадан парламентке келүү. Ал шайлоодо Жапаровдун командасы негизги оюнчу болот. Ошондуктан аны шайлоого жакындаган кезде сөзсүз алсыратууга аракет кылышат. Бул ЖК турганда кыргыз элинин башы шордон арылбайт. Бүгүн көрдүк го, алар президент менен бириге коюшуп кандай митайымдык операцияны ишке ашырып жиберишти. Элди ойлогон парламент ушуга барат беле?

-Кыргызстанда татыктуу мамлекеттик кадрлар барбы?

-Биздин Кыргызстанда татыктуу мамлекеттик кадрлардын кадыр-баркын баалабай жүрүп ушундай кризистерге кептелип келебиз. Бул эл үчүн чоң трагедия.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости