www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги Каныбек Осмоналиев менен президенттик кызматты эңсеген талапкерлер боюнча баарлаштык.
- Каныбек агай, президенттик такка көзү ачыгы, ырчысы, куудулу эки сөздү эптеп жаза албаганы деле аттанып, президенттик кызматтын кадыр-баркын кетирип жатышкан жокпу?
- Президенттик кызматты акыркы жылдары саясий оюндардын эле саркындысы кылып алышты. Айрыкча, 2010-жылдан бери бул маанилүү мамлекеттик институттун кадыр баркы өтө төмөн түшүп кетпедиби. Шайлоодон коррупциялык жолдор менен өтүп алышкан президенттер өлкөнү каалаганча калчашып, шоопур-катчы-жардамчылары менен, же болбосо, тууган-урук-кудаа-сөөктөрүнө башкартып коюшту. Эл аралык деңгээлде Кыргызстандын кадырын нөлгө түшүрүп коюшуп, эми эч нерсе болбогондой жыргап-куунап жүрүшөт. Анан кээ бир акылы-тайкы немелер мен деле президент боло алат турбайымбы деп жүгүрө башташты да! Бирок, олуттуу көз караш менен карасак, талапкерлердин көбүнүн чынында эле ден-соолук жагынан мандеми бар кокуйлар! Көбү эптеп негизги талапкерге билинип алайын, соодалаша койсом деле жетет мага деген карьерист, өзүмчүл эгоист жексурлар. Өзү БШК демилге көтөрүп президенттикке талапкерлерди катуу тандоо процедураларын кийирсе болмок. Мисалы, үчүн, адегенде 40-50 миң кол топтотторуп, күрөө акчасын төлөгөндөн кийин гана арызын алса болбойт беле? Жөн эле тамаша кыла турган ишти баштап коюшуп, өлкөнү эл аралык деңгээлдерде шерменде кылып отурушат. Бул - жоопкерсиздик саясат деп билем, мен! Бир дагы дүйнөдө мындай жок. Алардын көбүндө талапкерлерди күчтүү саясий партиялар же коомдор көрсөтүшөт жана ошол инсандар жөнүндө өзүлөрү эл алдында жооп беришет!
- Президенттикке аттангандардын ичинен чыныгы күрөш кимдердин ортосунда жүрөт деп ойлойсуз?
- Ар бир талапкер үмүт менен бара жатышкандыр. Бирок, реалдуу карасак, азыр Садыр Жапаровдун саясий аброю карапайым элдин алдында өтө чоң. Саясий атаандашуу ушул инсан менен калгандарынын суммардык ортосунда эле жүрөт го! Мага таарынышпасын бүгүнкү күндүн чындыгы ушундай!
Булак: NazarNews.kg