www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Согуштук агрессорлордун кылмыш иштеринин беттерин ачып анан гана шейит кеткен бир туугандарыбыздын өчүн ала алабыз», - деди бүгүн, 8-майда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, тажиктер өздөрү согушту баштап алып, кайра бет тырмалык кылып, дүйнө элине  жабырланып калгандай түр көрсөтүүгө ашыгып жатышат го?

- Кечээги кыргыз-тажик чек арасындагы бир тараптуу кол салууну биз эч убакта «чек ара жаңжалы» деп жумшартып атабашыбыз керек. Бул - тажик бийлиги тарабынан өтө дыкаттык менен уюштурулган эле согуштук агрессия болду! Тынч жашап жаткан кыргыз элине тажик аскерлери өзүдөрүнүн бүт согуштук арсеналын каршы колдонушту. Баскынчылыктын анык жана так белгилерин көрсөтүштү. Анан биздин расмий бийлик менен жергиликтүү элибиз кайраттуулугун көрсөтүшүп акыл жана токтоолук менен миздерин кайтарышканда, кайпалактап ар түрдүү айла-амалдарга өтө башташты. Бирок, дүйнөлүк коомчулуктун алдында абийирлери төгүлүп жатат. Биз мындай коркунучтуу согуш кылмышкерлерин, албетте, жөн койбойбуз.

Алардын согушту жана кыргынды амал катары көргөн бийликчилдери эртеби-кечпи өз жазаларын алышат. Кыргыздын каны эч качан коё берген эмес. Мен бул аксиомага ишенем! Тажик тарап азыр канчалык байкуш болуп көрүнүшпөсүн, баары бир алардын согуштук кылмыштары бир чекеден далилденип келе жатат.

- Алар эки жүздүүлөнүп койсо эле дүйнө коомчулугу аларга ишенип калабы?

- Дүйнөлүк коомчулук азыртадан эле баарын туура баамдап, билип калды десек болот. Маалыматты таратуу жагынан биздикилер деле катуу иштеп жатышат. Эч күнөөсүз курман болгон мекендештериме гана жүрөгүм канап ооруп калдым. Биздин кыргыз элинин айкөлдүгүн уруп ойнобогон чет элдиктер эзели эле оңбой келишкен. Буга карт тарых күбө! Тажиктер канчалык жойпуланышпасын кыргыздын каны аларды соо койбойт! Эл аралык сот аркылуу бул канкорлордун жазаларын катуу берип коё турган күндөр алыс эмес!

- Эми тажиктер бизге кол салбайт деп ынансак болобу же даяр турушубуз керекпи?

- Эми тажиктерге ишенип болбой калды. Өзүнүн диктатордук башчыларына кул катары баш ийип, айткандарына кыңк этпей баш ийген бир топ макулуктары бар турбайбы? Албетте, жалпы тажик элине мындай дооматты үргүлжү коюуга болбойт. Алардын дагы жакшылары бар, албетте.

Бирок, расмий бийликти Кудайындай көрүп алып, кошуна элге кыргын салган жексурларды биринчи жолу көрүп отурабыз.

Ошондуктан, биз өзүбүз ар дайым согушка даяр турушубуз керек. Тоготпой коюуга болбой калды. Курал-жарак, аскер тактикасы, жана башка зарыл иш-чараларды тынымсыз камсыз кылып туруубуз зарыл. Керек болсо, каардуу жана күчтүү согуштук доктринабыз болуусу абзел! Эч кимге ишенбейли, туугандар!

Өзүбүздүн коргоо чараларыбызды катуу көрүп алышыбыз керек экен. Буга чейин коррупцияга малынып келген күч структураларын кайра куруу - бул бүгүнкү күндүн кечиктирилгис талабы болуп калды!

- Биз тажиктерге тете жооп бербей тынчтыкты сактоого, согушту токтотууга аракет кылганыбыз акылдуулук болдубу же?

- Албетте акылдуулук болду. Эгерде биз ошол тажиктер тарабынан таңууланган согуштук авантюрага баш-отубуз менен кирип кеткенибизде аягы эмне менен бүтөөрүн билип эле калдык го? Көп кан төгүлмөк. Балким көптөгөн жылдар бою согуштан башыбыз чыкпай калмак. Эгемендигибизди калчап ойногон сырткы «оюнчулар» басып эле киришмек, шылтоого шынаа таап алышы.

Кыскасы, мындай апаат эки тарапка тең зор кыйынчылыктарды алып келмек. Кудай сактап, биз тарап салкын кандуулук менен кризистик абалдан чыгып кете алды. Өлгөн мекендештер үчүн жаныбыз кейип, заманыбыз тарып турат.

Бирок, келечекти ойлойлу. Согуштук агрессорлордун кылмыш иштеринин беттерин ачуу менен гана шейит кеткен бир туугандарыбыздын өчүн ала алабыз. Кийинкм муундарыбыз үчүн катуу сабак болду. Мындан ары катуу турбасак болбой калды. Ата Мекенибиз бирөө гана экенин унутпайлы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости