www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы алмашты. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын биржа фондунун сайтында 30-апрель күнү компаниянын акционерлеринин жылдык жалпы жыйыны өткөнү жазылат. Тагыраак айтканда, директорлор кеңешинин дээрлик бардык мүчөсү алмашып, бир гана Маммүлк фондунун мурдагы төрагасы Ренат Түлөбердиев кайра шайланган. Кеңештин беш мүчөсү бар.

Жаңы түзүлгөн кеңеш Ахматбек Абыловду директор кылып шайлаган. Ага чейин бул кызматты Алмазбек Мусабеков ээлеп келген. Ал директорлор кеңешине 2019-жылы мүчө борлуп, былтыр июлда төрагалыкка бекитилген.

Директорлор кеңеши менен башкаруучулуктун айырмасы:

Директорлор кеңеши — акционерлер аркылуу жетекчилик кылган компаниянын башкаруучу органы.

Ал эми компаниянын башкаруучулугу директорлор кеңеши белгилеген учурдагы ишмердүүлүгүн, анын ичинде стратегиясын жана саясатын аныктайт. Башкаруучулук директорлор кеңешине отчёт берет

Учурда "Манас" Эл аралык аэропортунун" башкаруучулугун Бакыт Шаршеев жетектейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости