www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин пресс-катчысы Галина Байтерек Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин постуна аны коркуткан комментарий жазганы боюнча үн катты.

Галина Байтеректин айтымында, депутаттын билдирүүсүнө ал комментарий калтырган эмес.

Президенттин пресс катчысы Галина Байтерек Жанар Акаевдин Facebook баракчасы аркылуу президентти сындап жазган постунун алдына эч кандай комментарий жазган эмес.

Тагыраагы, «койдун өлгүсү келсе, койчунун таягына сүйкөнөт болбой арыраак ойночу Жанар. Керек болсо сенин да камалаарыңа аз калды. Эмне анчалык президентке асыласыңар, мына эми ишке киришти бардык нерсе али алдыда» - деген комментарий ага таандык эмес.

«Ал депутатка мындай жооп жазмак да эмесмин. Мага тиешелүү аккаунтта менин кимдигимди аныктаган көк түстөгү төш белги бар. Жанар Акаевге ал аккунттан эмес, менин сүрөтүм коюлган башка акаунттан комментарий жазылыптыр», - деди. 

Сыягы, президенттин пресс-секратары менен депутатты кайраштырып, ырахат алгысы келгендер Галина Байтеректин атынан аккаунт ачып, Жанар Акаевди коркуткан жалган комментарий жазышкан.

Эске салсак, буга чейин Галина Байтерек депутат Жанара Акаевдин постуна «койдун өлгүсү келсе, койчунун таягына сүйкөнөт болбой арыраак ойночу Жанар» деген комментарий калтырды деген маалымат тараган. Бул коомчулукта катуу талкууга алынып, Президенттин пресс-катчысына бир топ терс пикирлер айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости