www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу Баткенде президентке суроо берген бала жана “Туран” саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун камалуусу боюнча үн каткан.

Анда жаш депутат азыркы учурда бийликте олтурган саясатчылар да бир кездерде оппозицияда жүргөнүн жана 30 жылдан ашуун убактан бери келе жаткан саясий куугунтукту токтотууга чыкырган.

Ал эми бул билдирүүнүн астына Перезиденттин маалымат катчысы Галина Байтерек төмөндөгүдөй пикир калтырган: “Койдун өлгүсү келсе, койчунун таягына сүйкөнөт болбой арыраак ойночу Жанар. Керек болсо сенин да камалаарыңа аз калды. Эмне анчалык президентке асыласыңар, мына эми ишке киришти бардык нерсе али алдыда” – деп жазган.

Бул билдирү интернет колдонуучулар арасында кызуу талкуу жаратып, айрым маалымат булактары  ЖК Депутаты Жанар Акаев жакында камалабы? – деген маалымат жазып чыгышууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости